БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Өлкө аймагында кечээтен бери коронавирус жуктурган беш бейтап каза болгонун Республикалык штаб кабарлады.
Маалыматта алар Бишкекте, Таласта, Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарында экени айтылды.
Ушуну менен пандемия башталгандан тарта оорудан сакая албай 1 217 кыргызстандыктын көз жумганы белгилүү болду.
Ал эми бир суткада 422 кишинин вирус жуктуруп алганы айтылды.