БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 422 кишиден табылды. Ошол эле маалда 516 бейтап ооруну жеңген. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.
Билдирмеге ылайык, коронавирус жуктургандардын көбү, тагыраагы, 130у Бишкектен.
Жуктургандар:
- Бишкек – 130;
- Ош – 22;
- Чүй облусу – 93;
- Ош облусу – 45;
- Талас облусу – 20;
- Нарын облусу – 16;
- Ысык-Көл облусу – 51;
- Жалал-Абад облусу – 24;
- Баткен облусу – 21.
Айыккандар:
- Бишкек – 168;
- Ош шаары – 10;
- Чүй облусу – 78;
- Ош облусу – 49;
- Талас облусу – 16;
- Нарын облусу – 8;
- Ысык-Көл облусу – 45;
- Жалал-Абад облусу – 50;
- Баткен облусу – 92.
Өлкөдө коронавирус аныкталган учурлардын саны 68 316га жетти. Анын ичинен 59 362си айыкса, 1 217 бейтап көз жумду.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 12 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган. Анын ичинен Баткенде үчөө, Чүйдө экөө, Бишкек шаарынан үч жана Ысык-Көлдөн эки медиктин оору илештирип алганы айтылды.
Бир суткада стационардан беш, үй карантининен эки медик айыгып чыгарылган.