COVID болгон бейтаптарды дагы эки оорукана кабыл алууда. Тизме

© Sputnik / Максим Захаров / Медиабанкка өтүүОткрытие отделения для больных коронавирусом в Луганской больнице
Открытие отделения для больных коронавирусом в Луганской больнице - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы маалыматка ылайык, бош орун №1 шаардык клиникалык ооруканасы менен Республикалык наркология борборунда көп.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус жуктуруп алгандарды жаткыруу үчүн Бишкектеги бош оруну бар ооруканалардын тизмесин жарыялады.

Маалым болгондой, буга чейин бейтаптарды 12 оорукана кабыл алса, эми ага дагы экөө кошулду. Тагыраагы, Улуттук госпиталдын урологиялык борбору менен Республикалык наркология борбору да иштей баштады.

19-ноябрь саат 8:00гө карата берилген маалыматка ылайык, 14 ооруканада 310 бош орун бар.

  • Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы — 2;
  • Улуттук хирургия борбору — 1;
  • Улуттук госпиталь — 16;
  • Улуттук фтизиатрия борбору — 6;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 7;
  • №1 шаардык клиникалык ооруканасы — 115;
  • Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 20;
  • Темир жол ооруканасы — 5;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 21;
  • Улуттук онкология жана гематология ооруканасы — 10;
  • №2 клиникалык төрөт үйү — 8;
  • Улуттук госпиталдын урология борбору — 10;
  • Республикалык наркология борбору — 89.

Өлкөдө коронавирус аныкталган учурлардын саны 68 316га жетти. Анын ичинен 59 362си айыкса, 1 217 бейтап көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0