ОСАГО алуу мөөнөтү жылды. Эми кайсы убактан тарта талап кылына баштайт

© Sputnik / Нина Зотина / Медиабанкка өтүүЭлектронный страховой полис в Москве
Электронный страховой полис в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус пандемиясынан улам элдин кирешеси азайып калганын эске алуу менен жоопкерчилик каралган мөөнөт бир нече этап менен жылдырылды.

БИШКЕК, 19 ноя — Sputnik. "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу" (ОСАГО) боюнча белгиленген жоопкерчиликтин мөөнөтү жылды. Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын жетекчиси Арзыбек Кожошев билдирди.

Работа столичного ГУОБДД в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жол кырсыгы болгон жерге эмнеге инспектор чакыруудан качышат? Эреже, кеңештер
Мурдагы мыйзам боюнча, автоунаа ээси болгон чет элдик жарандар, юридикалык тараптар, анын ичинен мамлекеттик жана муниципалдык уюмдар, жүк көтөрүмдүүлүгү 12 тоннадан ашкан автоунаалардын кожоюндары 2021-жылдын 1-январынан тарта камсыздандырууга милдеттүү болгон

Кожошевдин айтымында, автотранспортту камсыздандыруу боюнча маселе премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков менен макулдашылды.

Коронавирус пандемиясынан улам элдин кирешеси азайып калганын эске алуу менен жоопкерчилик каралган мөөнөт бир нече этап менен жылдырылды.

2021-жылдын 1-июлуна чейин:

  • Башка мамлекетте катталган автоунаалар үчүн.

2022-жылдын 1-январына чейин:

  • юридикалык тараптардын, анын ичинен мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчигиндеги автоунаалар үчүн;
  • жүк көтөрүмдүүлүгү 12 тоннадан ашкан автоунаалар үчүн;
  • жүргүнчү ташыган автоунаалар үчүн.

2023-жылдын 1-январына чейин:

  • катардагы айдоочулар үчүн.
Жаңылыктар түрмөгү
0