Коронавирус болгон бейтапты ооруканалар дароо албайт! Шарт-талабы кандай

Жазылуу
Коронавируска кабылган бейтаптарды Бишкектеги ооруканалар дароо кабыл алып, жаткыра койбойт. Көрсө, атайын талаптары бар экен.

Sputnik Кыргызстан агенттиги ал талаптарды билгенче, ооруканага жата албай кыйналган бейтаптардын арыз-арманын укту.

Ооруканалар албай айламды кетирди. Шайыр эженин окуясы

Бишкек шаарынын тургуну Шайыр эже (фамилиясын жазбай эле коюуну өтүндү) 62 жашта. Сентябрда коронавирус жуктуруп алып, абалы тез эле начарлап кеткенин айтат. Жөтөлү күчөп, деми кысыла баштаганда ооруканага барса, медиктер ар кандай талаптарды айтып, абалы оор бейтапты кабыл албай койгон.

"Коронавирусту кайдан жуктуруп алганымды билбейм. Абалым тез эле начарлап кетти. Жөтөлүм күчөй баштаганда балдарым Тез жардам кызматын чакыртышты. Биринчи келгени бир сыйра көрүп, дары жазып берип эле кетип калган. Андан кийин дагы жакшы боло албай, эки-үч күндөн кийин кайра Тез жардам чакырганга туура келди. Ал түз эле Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасына алып барды. Бирок мени дарыгерлер албай койду. Коронавируска тапшырган тестимди сурап, рентген, компьютердик томографиядан өтүшүмдү талап кылып туруп алышты. Жөтөлүп, алым кетип араң турсам да албай коюшту. Жанымда келиним бар эле, экөөбүз кайра кеттик. Чыгып алып оорукана айткан лабораторияга барып тест тапшырып, рентгенге түшүп, кайра компьютердик томографиясына түшүп, айтор жердин баарын кыдырдык. Бул аралыкта жөтөлүм мурдагыдан да өтүшүп, күчөй баштады", — деди бейтап.

Шайыр эже медиктердин көңүл кош мамиле жасаганына нааразы болду.

Главный внештатный детский пульмонолог Минздрава Динара Кабаева - Sputnik Кыргызстан
Радио
Кабаева: коронавирус пневмониясын 14-15 жаштагы балдар оор көтөрүүдө
"Коронавирусту жайылтпай үйдө отургула дейт. Кайдан? Мен коронавируска тест тапшырып, рентген, компьютердик томографияга түшүү үчүн канча жерди кыдырдым. Жаш дагы эмесмин. Келин-уулум жетелеп жүрүштү. Канча кишиге оору жукту ким билет? Ошентип оорукана айткан бардык анализди көтөрүп алып кайра ооруканага бардык. Тест коронавирус эмес деп көрсөткөнү менен эки тараптуу пневмония болуптурмун. Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы анда да албай койду. Айлабыз кетип тааныш издей баштадык. Акыры бирөөнү таап, ошол эле ооруканага жаттым. Кагаздарымды көргөн дарыгерим "эмнеге кеч кайрылдыңыз, өтүшүп баратыптыр" деп чочуду. Күчтүү дарыларды сайып жатып араң айыктым. Ооруканада жатканда демим кысылып, ары барып эле бери келдим. Өлүп калам го деп ойлогом. Кудай чоң сактады", — деди Шайыр эже.

Бул бир учур. Дагы бир каарманыбыз Сайкал бир тууган эжесин оорукана албай, үйүндө жата берип абалы аябай эле оорлошуп кеткенин айтып берди.

"Ак-Ордо жаңы конушунда турабыз. Бирок биз жашаган тарабы Бишкекке эмес, Сокулук районуна карайт. Эжем майып эле, бирок ден соолугун жылда текшертип, дарыланып турчу. Мындан 10 күн мурда үйдө отуруп эле ооруп калды. Жөтөлө баштап, анан бат эле алы кетип, дене табы көтөрүлүп кетти. 118 кызматына чалсам келип анализ алып кетишкен. Ооруканага алып барууну өтүнсөм, үй-бүлөлүк бейтапканага эле кайрылууну айтып коюшту. Жаныбыздагы бейтапканага барып дары жаздырып, эжемди үйдөн дарылата баштадым. Бирок эч нерсе өзгөргөн жок, абалы күндөн-күнгө оорлой баштады. Тез жардам кызматын кайра чакырууга туура келди. Бирок  "Сокулук районуна карайт экенсиңер" деп келбей койду. Айлам кетип тааныштарга чалып жатып, эжемди эптеп ооруканага алып бардык. Албай жатып алышты. Тилекке каршы, кеч барып калыптырбыз. Эжем беш күнгө жетпей каза болуп калды", — деди Сайкал.

Каарманыбыз каражаты жок адамдар ооруп калса, тез эле өлүп калгыдай дейт.

"Дарылар асмандын башы. Кымбатына карабай аман калсын деп бардык дарыны алып жаттык. Бизде го тыйын бар болчу. Жалгыз бой жашаган пенсионерлер ооруп калса эмне кылышат? Же балдарын жалгыз баккан, колунда жок эне ооруп калсачы? Дарыга акчасы жетпей эле өлүп калчудай. 118 телефонуна чалгыла деген менен анысы деле дароо келбейт экен. Азыр деле баягы көрүнүш, муну жон терим менен сездим", — деди эжесин жоготкон келин.

Эмне себептен ооруканалар бейтаптарды дароо кабыл албайт?

Саламаттык сактоо министрлигинин дарылоо бөлүмүнүн адиси Гулнара Жумагулова коронавирус жуктурган бейтап кайсы учурда стационарга жаткырылып, кайсы мезгилде үйдөн дарылана турганы боюнча министрликтин алгоритми бар дейт. Айтымында, бардык дарыгерлер бул алгоритм менен тааныш. 

"Эгер бейтаптын дене табы көтөрүлүп, бир жумадан ашык түшпөй жатса, жөтөлү күчөсө, дем алуусу кыйындап, сатурациясы түшүп кетсе, бардык оорукана алышы шарт. Бул алгоритм боюнча ар бир медик окуудан өткөн. Бирок Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы барган бейтаптан сөзсүз коронавируска тапшырган тесттин жыйынтыгын сурайт. Анткени ооруканада жалаң ошондой бейтаптар жатса, таза бейтапты киргизе албайт да. Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы да алардын филиалы. Ошол себептен алар да коронавируска тапшырган тесттин жыйынтыгын сурашат. Эгер бейтаптын жанында анысы болуп, абалы оор болуп турса, медиктердин албай койгонго акысы жок", — деди Жумагулова.

Ал ооругандын баары эле ооруканага "жатам" деп чуркап барбашы керек экенин белгиледи.

Көчөдө бараткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Пульмонолог коронавирус кандай учурда көп жайыла турганын айтты
"Азыр 118 кызматы, мобилдик бригадалар бейтаптарды үйүнөн барып көрүп жатат. Эгер оорунун белгилери байкалса, биринчи ушул кызматтарга кайрылуу керек. Болбосо, Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна барып, дарыгерине көрүнүшү шарт. Алар бейтаптын абалын көрүп же үйдөн дарыланууну айтат, же ооруканага жолдомо берет. Бейтапканадагы медиктер барган адамдын сатурациясын ченеп, рентгенге жиберип, аларды ооруканага чейин текшериши шарт. Абалы такыр эле оор боло турган болсо, анда бейтап сөзсүз жаткырылат",— деди адис.

Жумагулова бүгүнкү күндө бейтаптарды 14 оорукана кабыл алып, дарылап жатканын билдирди. Айтымында, Республикалык жугуштуу илдеттер клиникалык ооруканасынан башкасы кайрылган адамдарды коронавируска тесттин жыйынтыгы жок эле (эгер пневмония болуп, белгилери байкалса) алып жаткыра турганын белгиледи.

Коронавируска кабылган бейтаптарды дарылап жаткан ооруканалар:

  • Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы;
  • Улуттук хирургия борбору;
  • Улуттук госпиталь;
  • Улуттук фтизиатрия борбору;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору;
  • №1 шаардык клиникалык оорукана;
  • Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы;
  • Темир жол ооруканасы;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору;
  • Улуттук онкология жана гематология ооруканасы;
  • №2 клиникалык төрөт үйү;
  • Улуттук госпиталдын урология борбору;
  • Республикалык наркология борбору.
Жаңылыктар түрмөгү
0