Жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүИт каар жаган учурда. Архив
Ит каар жаган учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
20-ноябрга караган түнү Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын тоолуу аймактарында жана тоо этектеринде жаан-чачын болушу ыктымал.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. 20-ноябрь, жума күнү, күндүз республика боюнча күн ачык болот. Кээ бир райондордо туман түшүп, жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым аймактарда 15-20 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.

Абанын температурасы Чүй облусунда -2...-7, Таласта -5...-10, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймагында -1...-6, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө 0...-5 градуска чейин төмөндөйт.

Ош, Бишкек шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Ошто -4...-6, борбор калаада -2...-7 градус суук болору болжолдонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0