Психолог пандемияда кайсы курактагы адамдар көп жабыркаганын айтты

© Фото / Pixabay/ bngdesignerӨспүрүм башын эңкейтип отурат. Иллюстративдик сүрөт
Өспүрүм башын эңкейтип отурат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистин пикиринде, пандемия жашоодо тажрыйбасы азыраак жаштарга өзгөчө катуу тийди. Мунун айынан психологго кайрылгандар көбөйдү.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Коронавирус пандемиясы учурунда көбүнесе XXI кылымда туулган жаштар психологиялык жактан катуу жабыр тартышты. Бул тууралуу психология илимдеринин кандидаты Константин Абрамовго шилтеме берип "Известия" басылмасы жазды.

Адистин айтымында, буга жашоодо тажрыйбанын аздыгы себеп болду.

"Мисалы, улуу муун 1990-жылдары СССР кулагандан кийинки кайра куруу учурун баштан өткөрдү. Андан тышкары, дагы көп нерсени көрүп, стресстик абалдарга туруштук берүүгө үйрөнгөн. Ал эми тоскоолдуктарды көрө элек жаштар стресске кабылып, психологдорго кайрылгандардын басымдуу бөлүгүн түздү", — деди Абрамов.

Мындан улам адистер пандемиянын айынан кандайдыр бир кыйынчылыкка туш болгон жаштарды акыл токтотуп, позитивдүү нерселерди көп ойлонууга чакырат. Ошондой эле үйдө отурган маалда интернетти аз пайдаланып, андагы негативдерден оолак болгон туура экенин эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0