Мал жана бир катар айыл чарба продукциясы сыртка сатылбай турган болду

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүПравила перевозки животных в кузове транспорта
Правила перевозки животных в кузове транспорта - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул тыюу салуу алты айлык мөөнөткө киргизилди жана реэкспорттук, транзиттик, ошондой эле гуманитардык продукцияларга жайылтылбайт.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Мал жана айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн өлкөдөн чыгарууга тыюу салынды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин аталган сунушту өкмөткө Айыл чарба министрлиги киргизген.

Билдирмеге ылайык, токтом бүгүн, 20-ноябрда, кабыл алынып, ага өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койгон. Мындай аракеттер азык-түлүктүн жетишсиздигине жол бербөө, анын ичинде элдин улуттук коопсуздугун камсыздоо максатында жасалып жатканы айтылды.

"Кыргызстандын аймагынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды. Бул тыюу салуу алты айлык мөөнөткө киргизилди жана реэкспорттук, транзиттик, ошондой эле гуманитардык продукцияларга жайылтылбайт", — деп айтылат маалыматта.

Өлкөдөн чыгарууга тыюу салынган айыл чарба продукцияларынын тизмеси:

  • Тирүү жылкы;
  • Ири мүйүздүү тирүү мал;
  • Тирүү койлор жана эчкилер;
  • Тирүү үй канаттуулары: тоок (Gallus domesticus), өрдөк, каз, үндүк жана куштар;
  • Буудай;
  • Арпа;
  • Жүгөрү;
  • Күрүч; 
  • Буудай уну;
  • Өсүмдүк майы;
  • Кумшекер;
  • Тоок жумурткасы;
  • Йоддолгон туз;
  • Тоют (чөп, саман, комбикорм, акшак жана дан эгин жеми).
Жаңылыктар түрмөгү
0