Орто-Сай базары. Архив

"Орто-Сай" базарынын айланасына тосмо орнотуу пландалууда

111
(жаңыланган 18:12 20.11.2020)
Базардагы абалды жеринен көргөн комиссия тосмолордун деталдуу долбоорун иштеп чыгуу жана базарды биргелешип жакшыртуу боюнча макулдашты.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Бишкек мэриясынын шаарды өнүктүрүү жана өрт коопсуздугунун стандарттарын сактоо боюнча кызматтардын көчмө комиссиясы "Орто-Сай" базарынын аймагын карап чыгышты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Базардын коопсуздугу боюнча маселе жеринде талкууга алынды.

"Базардын администрациясы, архитекторлор жана "Бишкекбашкыархитектура" ишканасынын жеңил типтеги объектилер бөлүмүнүн адистери менен биргеликте соода комплексинин узун-туурасына жетчү тосмолордун долбоорун пландаштыруу боюнча алдын ала иштер жүргүзүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Жолугушууда тосмолордун деталдуу долбоорун иштеп чыгуу жана базарды биргелешип жакшыртуу боюнча макулдашуу болгон.

Эскерте кетсек, 9-ноябрда базарда ири өрт чыгып, жалын жалпы аянты болжол менен 1800 чарчы метр жерди жалмаган.

Райондун акими өрт өчүрүүчүлөргө "Орто-Сай" базарынын кире беришинде тоскоолдук жаралганын билдирген.

111
Белгилер:
Орто-Сай базары, комиссия, Бишкек мэриясы, кырсык, өрт
Тема боюнча
"Ала-Тоо" кинотеатрынын жанындагы кафеден чыккан өрт өчүрүлүп жаткан видео

Эртең мененки жана күндүзгү Бишкектин чочуткан көрүнүшү. Видео

5
(жаңыланган 18:07 01.12.2020)
Бишкекти эртең менен жана күндүз видеого тарттык. Алардын айырмасы кишини чочутпай койбойт. Үч саат ичине борбор калааны коюу ыш басып каларына күбө болдук.

Эртең менен аба салыштырмалуу таза болуп, күндүз кадимкидей булгана баштаганын байкоого болот. Абадагы кир нормадан ашып кеткендиги, ал эми кечинде абал андан да начарлаары алаканга салгандай ачык болуп турат.

Бишкекти ыштан арылтуу үчүн майнаптуу ыкмалар табыла элек болгондуктан, шаардыктар өтө кирдеген аба менен дем алып, жашоосун улантууда.

Мэрия шаардыктарга кайрылып, көчөгө чыгар алдында абаны текшерип алууга, мүмкүн болушунча көчөдө көп жүрбөөнү айткан.

Абанын канча деңгээлде булгангандыгын MoveGreen жана AirKaz.org деп аталган экологиялык кыймылдын сайттарынын текшерип алууга болот.

Аба эмнеден булганып жатат?

Анын негизги себептеринин бири шаардын тегерегиндеги конуштарда массалык түрдө от жагуу, автоунаалар бөлүп чыгарган түтүн жана ЖЭБдин түтүнү менен ышы.

5
Белгилер:
аба, экология, кыш, Бишкек
Тема боюнча
Фотофакт: ышка тумчуккан Бишкектин асмандан көрүнүшү
Шам жана чырак. Архивдик сүрөт

Эртең Бишкектин бир катар аймактарында жарык өчөт. График

24
(жаңыланган 17:36 01.12.2020)
Бул күнү адистер трансформатор жана электр зымдарын текшерип, оңдой турганы айтылды. Иштер саат 18.00гө чейин жүрөт.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Шаршемби күнү, 2-декабрда, Бишкектин айрым жерлеринде жарык өчөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан кабарлашты.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

  • 09:00дөн 14:00гө чейин — 7-кичи райондун бир бөлүгүндө (№44-46, 46а үйлөрү);
  • 09:00дөн 16:00гө чейин — 5-кичи райондун бир бөлүгүндө (№43-46 үйлөр);
  • 09:00дөн 17:00гө чейин — Юнусалиев, Кольцевой жана Карасаев көчөлөрүнүн кээ бир жерлеринде;
  • 09:30дан 12:00гө чейин — Арча-Бешик конушунун айрым жерлеринде (Орто-Тогузан, Абдрахманов жана Садыбакасов көчөлөрү);
  • 09:30дан 15:00гө чейин — Чыгыш-5 кичи районунун бир бөлүгүндө (№6/5, 7/5, 14 үйлөр, №66 мектеп);
  • 09:30дан 17:00гө чейин — Исанов менен Ташкент көчөлөрүнүн кесилишкен жеринде, Тоголок Молдо көчөсүндөгү №74 үйдө жана Ак-Босого конушунун кээ бир жерлеринде (Чүй 25, Чүй 29, Чүй 31, Чүй 34);
  • 09:30дан 18:00гө чейин — Арча-Бешик конушунун бир бөлүгүндө (Миң-Куш, Кара-Коо, Он-Арча, Садырбаев, Аксы, Ош-3000, Масыралиев, Жаңы-Турмуш, Нарын көчөлөрү);
  • 11:00дөн 15:00гө чейин — 12-кичи районунун айрым жерлеринде (№1, 7, 9, 23, 26, 27, 30);
  • 11:00дөн 17:00гө чейин — Тыныстанов жана Линейный көчөлөрүнүн кээ бир жерлеринде (темир жол вокзалынын жаны);
  • 13:00дөн 17:00гө чейин — Адыр көчөсү менен Берлик туюк көчөсүндө.
24
Белгилер:
"Түндүк Электр" ишканасы, жарык өчүрүү, Бишкек
Тема боюнча
Дагы кар жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы
Фотофакт: өпкө илдетин чакырган Бишкектин кир абасы