Ошто 30-ноябрдан тарта 1-класстар мектепте окуй баштайт

© Sputnik / Табылды КадырбековОкуучулар сабак учурунда. Архив
Окуучулар сабак учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Менчик мектептер менен бала бакчалар 30-ноябрдан тарта эшигин ачат. Бирок мамлекеттик бала бакчалар азырынча иштебей турмакчы.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Ош шаарында 1-класстын окуучулары 30-ноябрдан тарта мектепке бара башташат. Бул тууралуу шаар жетекчилигинен билдиришти.

Муниципалитетте тиешелүү адистердин катышуусу менен жыйын болуп, анда Ошто коронавирус боюнча абал турукташып калганы айтылды. Тагыраагы, 18-ноябрда беш, 19-ноябрда эки адам жуктурган.

“Штаб 6-октябрдан баштап аралыктан окуп жаткан 1-класстын окуучуларын 30-ноябрдан тарта мектепте окутууну чечти. Болгону алар санитардык эрежелерди сакташы керек”, — деп айтылат кабарда.

Прокуратура Бишкекте онлайн-сабакка кирбей жүргөндөрдү көзөмөлгө алат

Андан тышкары, менчик мектептер менен бала бакчалар эшигин ачат. Бирок мамлекеттик бала бакчалар азырынча иштебей турат.

Ош шаарында 55 мамлекеттик, 26 жеке менчик мектеп бар. Аларда окуган 77 832 балага 3 277 педагог сабак берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0