Ак илбирстин таштын арасына коргологон балдары. Таласта тартылган видео

© AFP / Sebastien BozonАк илбирстин балдары. Архив
Ак илбирстин балдары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциясынын адистери чабандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга чакырды.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Таластык чабандар ак илбирстин эки баласын видеого тартып алышты. Кадрлар "Короче" Telegram-каналына жүктөлдү.

Кадрларда көрүнүп тургандай, таштын арасында турган жырткычтын балдары кишини көрүп, жашынууга аракет кылышат.

Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциясынын аймактар аралык башкармалыгынын инспекторлору чабандарга түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Ошондой эле бул аймакта (Талас районунун Каракол аймагы) жаныбарларды карап туруу үчүн сүрөт капкандар коюлганы белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0