Соттолгондорго ырайым берүү боюнча президенттин маалымат катчысы үн катты

Жазылуу
Байтеректин айтымында, боштондукка чыккандардын баары мурда жеңил кылмыш кылгандар. Арасында жашы жетек элек балдар, аялдар жана оорулуулар бар.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Ырайым кылуу чечими жеңил кылмыштарды кылган жарандарга гана тиешелүү. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек билдирди.

Эске салсак, Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып жаткан учурда абакта жаткан 230 адамга ырайым кылып, эркиндикке чыгарган. Ал эми 38 соттолуучунун мөөнөтү кыскартылды.

Байтеректин айтымында, 2 миңден ашуун арыз каралган.

"Боштондукка чыккандардын баары мурда жеңил кылмыш кылгандар. Арасында жашы жете элек балдар, аялдар жана оорулуулар бар. Мындан ары дагы тыкыр текшерүүдөн кийин соттолгон кыргызстандыктарды бошотуу боюнча маселе каралат”, — деди Байтерек.

Судебное заседание в Вашингтоне - Sputnik Кыргызстан
Сот депутат Абжалиевдин уулу катышкан кырсыктын күнөөкөрүн абактан бошотту
Белгилей кетсек, буга чейин Жапаров майда кылмыш кылып же адилетсиз өкүм менен камалып кеткен жана балалуу аялдарга ырайым берилерин айткан. Ал эми уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү, киши өлтүргөндөр жана бир нече ирет кайталап кылмыш кылгандар жазасын толук өтөшү керектигин белгилеген.

Ырайымдуулук жекече аныкталган адамга карата КР президенти тарабынан гана жүзөгө ашырылат. Эгерде ырайым кылуу өтүнүчү четке кагылса, президент расмий чечим чыгарат.

Жаңылыктар түрмөгү
0