Күзгүгө карантып жаткан кыз. Архив

Эрте картаюунун алдын ала турган ыкмалар аталды

7634
Арканников витаминдер менен туура тамактанууну, дене тарбия көнүгүүлөрүн айкалыштырганда гана жыйынтык болорун баса белгиледи.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Врач-дерматолог, косметолог Станислав Арканников теринин эрте картайып кетүүсүн алдын алуу үчүн адамга кандай витаминдер керек экендигин санап берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Дарыгер адамдын териси сыры көп кызыктуу орган экенин белгилеп, ага A, E жана C витаминдери зарыл экенин айтты.

В витамини же ретинол теринин клеткаларынын калыбына келишине жакшы жардамчы. Андан улам коллаген менен эластинди бөлүп чыгуу активдешет да, жаңы катмарлар калыптанып, тактардын пайда болушу токтойт. Бул витаминдин жетишсиз экендигин адамдын бетинен билсе болот.

"Мында майда бырыштар, каралжын темгилдер тез түшөт, кургайт, бүдүрлөр пайда болот, адамдын жаш курагынан эрте эле теринин өңү өчө баштайт", — деп айтып берди дарыгер.

Бул витамин теринин астына чейин кирип, анын натыйжасында сырткы катмарларын жаңылантат.

Е витамини жабыркаган терини калыбына келтирет, адатта буга бырыштарды кошууга болот. Суу менен майдын балансын жана май чыгаргыч бездердин иштешин жөндөйт. Мындан сырткары, ультрафиолет нурлардан коргойт.

C витамини зыяндуу элементтерди — эркин радикалдарды жок кылат.

"С витамини аларды эриш-аркак иштетет. Бул бүгүнкү күндө картаюу менен күрөшө турган эң жакшы ыкма", — деп түшүндүрдү Арканников.

Бирок маселе анын май катмарды аралап өтө албагандыгында, андыктан инъекциялык жол менен алууга болот.

Дерматологдун айтымында, жакшы жолдордун бири "A жана E менен майлоо", ал эми C витаминин ийне аркылуу саюу. Муну менен катар эле аталган витаминдерди башкалар менен кошо ичүүнү унутпаш керек. Бирок ал үчүн дарыгерге көрүнүп, сөзсүз сүйлөшүп, сунушун угуу зарыл.

Арканников картаюунун алдын алуу үчүн витаминдер менен туура тамактанууну, дене тарбия көнүгүүлөрүн айкалыштырганда гана жыйынтык болорун баса белгиледи.

7634
Белгилер:
витамин, кеңеш, ден соолук, дарыгерлер
Тема боюнча
Адис адам карып бара жаткандагы эң маанилүү үч куракты атады
Адис ачууга же таттууга берилүүнүн себебин түшүндүрдү
УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараев. Архив

УКМК төрагасынын мурдагы орун басары алтын аткезчилиги боюнча суракка чакырылды

107
(жаңыланган 23:02 27.11.2020)
Эске салсак, Дүйшөнбек Чоткараев 2016-2018-жылдары УКМКнын төрагасынын орун басары болуп Коррупцияга каршы кызматты жетектеген.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараев УКМКга алтын аткезчилиги боюнча тергөө амалдарына катышуу үчүн чакырылды. Бул тууралуу аталган комитеттен билдиришти.

Маалыматка караганда, иштин чоо-жайы тууралуу тергөө амалдарынан кийин айтылат.

Эске салсак, Дүйшөнбек Чоткараев 2016-2018-жылдары УКМКнын төрагасынын орун басары болуп Коррупцияга каршы кызматты жетектеген.

Учурда ал президенттикке талапкерлердин бири Абдил Сегизбаевдин штабын координациялап жатат.

107
Белгилер:
аткезчилик, алтын, Дүйшөнбек Чоткараев, УКМК
Тема боюнча
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ооруканага түштү
УКМК башчысы Матраимовдун өкүл баласын кабыл алды. Видео
Парктагы кишилер

Ишембиге карата аба ырайы

88
(жаңыланган 22:26 27.11.2020)
28-ноябрда жана 29-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Ишемби күнү, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө -3...+2, Талас өрөөнүндө -4...+1 градуска жетсе, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында -3...+2, Ысык-Көл ойдуңунда 1...6, Нарын жергесинде -4...+1 градусту көрсөтүп турат.

Ош жана Бишкек шаарларында абанын башы 0...+2 градуска жетет.

88
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Жол тайгакта айдоочулар эсинен чыгарбай турчу 6 эреже
Шашылыш билдирүү! Дем алыш күндөрү кар жаайт