Милиция кызматкерлери. Архив

БШК укук коргоо органдарына добуш сатуу жана админресурска каршы турууну үйрөтөт

70
Тренинг 23-ноябрда Жалал-Абад шаарында башталып, 12-декабрга чейин өлкөнүн бардык аймактарында болот.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы укук коргоо органдарына шайлоодо добуш сатып алууга жана административдик ресурска каршы туруу боюнча тренинг өткөрөт. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.

Аталган иш-чара алдыдагы президенттик шайлоо өнөктүгүндө мыйзам бузууларга жол бербөө максатында өткөрүлгөнү жатат. Иш-чара 23-ноябрда Жалал-Абад шаарында башталып, 12-декабрга чейин өлкөнүн бардык аймактарында болот.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен административдик ресурс колдонуунун жана добуш сатып алуунун жоопкерчилиги талкууланат. Ошондой эле шайлоо мыйзамдарынын бузулгандыгы жана юридикалык нормаларды колдонуу тартиби кенен түшүндүрүлөт. Аны менен катар чара көрүү жолдорун да талкуулашат.

Тренингди БШК Европа коопсуздук кызматташтыгы уюмунун колдоосу алдындагы "Жарандык платформа" коомдук фонду менен биргеликте өткөрөт.

70
Белгилер:
сатуу, добуш, шайлоо, укук коргоо органдары, тренинг, БШК
Тема боюнча
Шайлоо менен референдум өткөрүүгө акча барбы? Вице-премьердин жообу
Шайлдабекова президенттик шайлоону өткөрүү штабына теңтөрайым болду
Вице-премьер Эльвира Сурабалдиева. Архивдик сүрөт

Сурабалдиева министрликтин гумжардам боюнча отчету чийки экенин айтты

0
(жаңыланган 17:45 02.12.2020)
Эльвира Сурабалдиева Кыргызстанга кирген гумжардамдар кайда жумшалганы боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин отчету чийки экенин айтып, иликтөө жүргүзүлөрүн белгиледи.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Вице-премьер Эльвира Сурабалдиева гуманитардык жардам тууралуу отчет берүү маселеси боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин жана жергиликтүү бийликтин дарегине катуу сын айтты.

Чиновник бүгүн Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү.

"Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына алган гуманитардык жардамдар боюнча толук отчет берүү тапшырмасы берилген. Муну жарандар, Жогорку Кеңештин депутаттары, жардам берген эл аралык уюмдар жана донорлор күтүүдө. Бирок берилген отчёт толук эмес жана айрым пунктулар түшүнүксүз. Мисалы, Талас жана Чүй облустарындагы аймактык медициналык мекемелерге кандай конкреттүү медициналык буюмдар жеткирилген? Ош облусу боюнча кандай чыгымдалуучу материалдар, канча тест-система алынды? Жер-жерлерге өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттын, концентраторлордун, рентген-аппараттардын канчасы жеткирилди? Отчетто 325 рециркулятор алынганы белгиленген, бирок алар кайда экени көрсөтүлгөн эмес. Эмне үчүн медициналык жабдуулар баланска алынып, тиешелүү тартипте белгиленген эмес? Жарандардан, донорлордон жана ыктыярчылардан алынган бардык жардамдар кылдаттык менен изилденет", — деди ал.

Сурабалдиева отчеттордо канча дары-дармек каражаты алынгандыгы жана алардын аталышы көрсөтүлбөгөнүн кошумчалады.

0
Белгилер:
отчет, донор, коронавирус, штаб
Тема боюнча
Сурабалдиева Тез жардам станциясынын жабдылбай калышын кызматтагы жубайлардан көрүүдө
Сурабалдиева: бейтаптарга жайында курамы текшерилбеген кытай дарылары берилген
Тез жардам кызматы. Архив

Сурабалдиева Тез жардам станциясынын жабдылбай калышын кызматтагы жубайлардан көрүүдө

20
(жаңыланган 17:35 02.12.2020)
Тез жардам станциясынын жетекчиси Искендер Шаяхметов болсо, анын жубайы Бактыгүл Исмаилова Бишкек мэриясынын саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси болуп эмгектенет.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Вице-премьер Эльвира Сурабалдиева Республикалык ыкчам штабдын жыйынында Тез жардам станциясы жабдылбай калганы боюнча маселеге көңүлүн бурду.

Анын айтымында, маселе айлык акыга гана байланыштуу эмес.

"Тез жардам станциясынын жабдылбай калганынын себеби эмнеде? Жеке пикиримде, анын себеби айлык акыга гана байланыштуу эмес. Мага белгилүү болгондой, жубайы Бишкек шаары боюнча түзүмдүк бөлүктөрдү башкарса, жолдошу Тез жардам станциясынын ишин координациялайт. Маалыматтарга ылайык, ошол эле учурда жолдошу жеке Тез жардам кызматын ачкан. Мында түздөн-түз кызыкчылыктардын кагылышы бар экендиги байкалбайбы? Бишкек шаардык мэриясы кызыкчылыктардын кагылышуусу жана маселенин моралдык тарабын эске алуу менен кызматтык иликтөө жүргүзүүсү тийиш", — деди ал.

Белгилей кетсек, Тез жардам станциясынын жетекчиси Искендер Шаяхметов болсо, анын жубайы Бактыгүл Исмаилова Бишкек мэриясынын саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси болуп эмгектенет.

20
Белгилер:
Элвира Сурабалдиева, "Тез жардам" кызматы, КР Саламаттык сактоо министрлиги, Бишкек мэриясы
Тема боюнча
Сурабалдиева: бейтаптарга жайында курамы текшерилбеген кытай дарылары берилген