Коронавирус жуктургандар жана айыккандар. Соңку маалымат

© REUTERS / ADREES LATIFМедицина кызматкери пробиркаларды даярдап турат
Медицина кызматкери пробиркаларды даярдап турат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөнүн түштүк аймагында ооруга чалдыккандар азайып бара жатканы байкалууда. Бейтаптардын көбү Бишкекте.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Өткөн суткада 447 адам коронавирус жуктуруп алса, дарыланып жаткан 505 киши ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Вирус илештирип алгандардын саны өлкөнүн түштүк аймагында азайып баратканы байкалууда. Бейтаптар мурункудай эле Бишкекте басымдуулук кылат.

Оору жуктургандар төмөнкү аймактарда катталды:

  • Бишкек – 200;
  • Ош – 16;
  • Чүй облусу – 86;
  • Ош облусу – 25;
  • Талас облусу – 20;
  • Нарын облусу – 5;
  • Ысык-Көл облусу – 49;
  • Жалал-Абад облусу – 29;
  • Баткен облусу – 17.

Айыккандар:

  • Бишкек – 103
  • Ош шаары – 24
  • Чүй облусу – 113
  • Ош облусу – 55
  • Талас облусу – 15
  • Нарын облусу – 4
  • Ысык-Көл облусу – 59
  • Жалал-Абад облусу – 53
  • Баткен облусу – 79

Ушуну менен оору жуктурган учур 69 149 болсо, анын 60 294ү айыгып чыкты. Кечээтен бери төрт бейтап каза таап, көз жумгандардын жалпы саны 1 227ге жеткени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0