Медициналык кызматкер ооруканада

Үчөө Бишкектен. Өткөн суткада коронавирус төрт адамдын өмүрүн алып кетти

43
(жаңыланган 11:57 21.11.2020)
Кыргызстандын ар бир облусунда коронавирусту жуктургандардын саны улам өсүп, адамдар күн сайын каза таап жатат.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирустан Кыргызстан боюнча төрт бейтап көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

"Бишкек шаарынан үч, Талас облусунан бир бейтап каза болду", — деп айтылат маалыматта.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө 1 227 адам коронавирусту жеңе албай, өмүрү менен кош айтышты.

43
Белгилер:
статистика, өлүм, коронавирус, Талас облусу, Бишкек, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (1461)
Тема боюнча
Коронавирус жуктургандар жана айыккандар. Соңку маалымат
Дарыгер коронавирусту аныктоодо пульсоксиметрдин натыйжалуулугун айтты

Майды аз ичкен өтүмдүү автоунаалардын баасы. Инфографика

13
(жаңыланган 19:51 05.12.2020)
Sputnik Кыргызстан унаа базарларындагы бааларды карап чыгып, майды аз ичкен жеңил автокөлүктөрдүн орточо наркын эсептеди.

Агенттик autobaza.kg, cars.kg, turbo.kg жана mashina.kg ресурстарына таянды. Бул жактагы баалар бири-биринен дээрлик айырмаланбайт. Окурманга ыңгайлуу болсун үчүн ар бир автонун Улуттук банктын 4-декабрдагы курсу менен белгиленген баасын киргиздик.

Эл көп алган 10 автоунаа төмөнкүдөй болду:

  • Daewoo Matiz;
  • Honda Fit;
  • Lada 2107;
  • Toyota IST;
  • Hyundai Getz;
  • Mazda Demio;
  • Volkswagen Golf;
  • Chevrolet Spark;
  • Honda Civic;
  • Toyota Prius.

Тизмедеги эң арзан машина Lada 2107 болду. 2001-жылы чыгарылган үлгүсү 1 179 доллар деп бааланууда. Экинчи орунда Daewoo Matiz турат, колдон 1 754 долларга сатып алууга болот. Эң кымбаты — Toyota Prius. 2010-жылы чыгарылганы 9 670 доллар турса, ал эми 2014-жылкысы 11 147 доллардан сатылууда.

13
Белгилер:
май, Кыргызстан, базар, баа, автоунаа
Тема боюнча
Бишкектеги батирлер канча турат? Ноябрь айындагы баалар

Токтоо тартып, окуяга сүңгүп кирип... Үмөттүн манас айткан видеосу

23
(жаңыланган 19:24 05.12.2020)
Жумурай журтка таанымал жаш манасчы Үмөт Дөөлөтов Sputnik агенттигине Семетейдин Таласка келип Бакайга жолуккан жеринен үзүндү айтып берди.

Үмөт бул өнөр менен эл алдына 3,5 жашында чыгып, Кыргызстандагы эң кенже манасчы атка конгон. Айрым илимпоздор аны 7 жашында кичинекей гений деп аташкан. Ал эми 9 жашында "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси тапшырылган.

Ал редакцияга берген маегинде акыркы кезде эмне менен алектенип жүргөнүн, жаштардай интернетке көп кирбей турганын, режиссёр болсо Саякбай манасчы тууралуу тасма тартарын айтып, кичирээк чакта эсте калган учурлары жөнүндө кеп кылды. Кененирээк Sputnik даярдаган интервьюдан окуй аласыз

23
Белгилер:
Талас, Семетей, өнөр, манасчы, Манас, Үмөт Болот уулу
Тема боюнча
Саякбай манасчы жандай көргөн "Карачологу" менен. Таберик сүрөт
Табият кырсыгынан тарта манасчы Дөөлөт жана дрондор шоусуна чейин. Апта ирмеми