Кыргызстандагы COVID: оор абалдагы бейтаптар, ооруган медиктер. Статистика

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкер жана бейтап ооруканада. Архив
Медициналык кызматкер жана бейтап ооруканада. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда коронавирустун тароо деңгээли улам жогорулап бараткандыктан адистер санитардык эрежелерди бекем кармоону кайра-кайра эскертип жатат.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда учурда коронавирус жуктурган 3074 бейтап ооруканада дарыланып жатса, анын ичинен 122 киши өтө оор абалда. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Стационардагы 3074 бейтаптын абалы төмөнкүдөй:

  • 46 адам - канааттандырарлык абалда;
  • 2088 - орто оор абалда;
  • 818 - оор абалда;
  • 122 - өтө оор абалда.

Ал эми оору жуктуруп алган 3 819 кыргызстандык үйүндө дарыланууда.

Ал эми бир сутка ичинде өлкө боюнча 19 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

Аймактарга бөлө келгенде төмөнкүдөй:

  • Бишкек – 6;
  • Чүй облусунда – 7;
  • Ош – 1;
  • Ысык-Көл облусунда – 4;
  • Жалал-Абад облусунда – 1 медик.

Медицина кызматкери пробиркаларды даярдап турат - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус жуктургандар жана айыккандар. Соңку маалымат
Бир суткада стационардан жети медициналык кызматкер айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 806 учур катталган. Бактыга жараша, алардын 3 532си айыгып кетти.

Кыргызстанда коронавирустун тароо деңгээли улам жогорулап бараткандыктан адистер санитардык эрежелерди бекем кармоону кайра-кайра эскертип жатат. Өткөн суткада төрт адам бул илдеттен көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0