Киши телефон аркылуу сүйлөпшүп жатат. Архив

Өкмөт: бир оператордон экинчисине чалуунун акысы арзандайт

291
(жаңыланган 12:48 21.11.2020)
Сабиров бүгүнкү күндө радиожыштык ресурстарын керектөө көбөйүп, мындан улам телекоммуникациялык кызматтарга суроо-талап өсүп жатканына токтолду.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Вице-премьер Равшан Сабиров байланыш операторлорунун өкүлдөрү менен кеңешме өткөрүп, анда телекоммуникация тармагын өнүктүрүү маселеси каралганын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Сабировдун айтымында, телекоммуникациялык технологиялар экономикалык өнүгүүнүн негизги драйвери болуп саналат жана байланыш операторлорунун кызматтарынын сапаттуу өнүгүшү телекоммуникациялык кызматтарга суроо-талаптын жогорулашынын фонунда өзгөчө мааниге ээ.

"Бүгүнкү күндө интернет жана байланыш жарандардын да, жалпы өлкөнүн да жашоосунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Биз тармактын өнүгүшүнө өзгөчө көңүл бурушубуз керек, анын ичинде бүткүл республика боюнча телекоммуникация кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын көтөрүү, ошондой эле бешинчи муундагы (5G) уюлдук байланышты жайылтуу шарт", — деди вице-премьер.

Сабиров бүгүнкү күндө радиожыштык ресурстарын керектөө көбөйүп, мындан улам телекоммуникациялык кызматтарга суроо-талап өсүп жатканына токтолду. Бул өз кезегинде анын тартыштыгын шарттайт. Вице-премьер аталган ресурсту туура жана рационалдуу пайдалануу менен гана телекоммуникация тармагын өнүктүрүүгө жетишүү мүмкүн экенин кошумчалады.

"Бүгүнкү күндө радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензиялары бар компаниялар келишимдик негизде үчүнчү юридикалык жактарга берүү практикасын жүзөгө ашырып келүүдө, ошол эле учурда алар өзүлөрүнүн тармактарын өнүктүрбөй, чектелген ресурсту гана "карманып" жүргөнү эч кимге жашыруун эмес. Ошондуктан бардык байланыш операторлорун радиожыштык ресурсун белгиленген стандарттарга ылайык натыйжалуу пайдаланууга чакырам", — деди өкмөт өкүлү.

Кеңешмеде өкмөт тарабынан ар кандай байланыш операторлорунун (интерконнект) ортосундагы туташуу үчүн тарифтик ставканы төмөндөтүү ырааттуулугу аныкталгандыгы белгиленди. 3,5 сом болгон тариф 2021-жылдан баштап 1 сомго чейин төмөндөйт.

Жыйындын жүрүшүндө телекоммуникация тармагындагы актуалдуу маселелер талкууланып, тармактык компаниялардын өкүлдөрү чечүүнү талап кылган бир катар маселелерди көтөрүштү.

291
Белгилер:
телекоммуникация, радиожыштык, ресурс, Равшанбек Сабиров
Тема боюнча
Мал жана бир катар айыл чарба продукциясы сыртка сатылбай турган болду
Новиков кыргыз-өзбек чек арасына эркин экономикалык аймак курууну талкуулады
Бишкек шаары. Архив

Бейшембиге карата аба ырайы

29
26-ноябрга караган түнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Бейшембиде күндүз республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +1...+6, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +3…+8, Нарында -3…+2, Ысык-Көлдө -1…+4 градус болот.

Ош шаарында +4...+6 градус жылуу болсо, борбор калаада абанын температурасы +3...+5 градуска чейин жетет.

29
Белгилер:
Кыргызстан, ноябрь, аба ырайы
Тема боюнча
Күн качан жылыйт? Бир жумага карата аба ырайы
Киши баттирден ключ кармап турат. Иллюстративдик сүрөт

Мэрия аянтта көз жумган Үмүтбек Алтынбек уулунун атасына үй берүүнү пландап жатат

51
(жаңыланган 21:00 25.11.2020)
Белек кылынчу батир Бишкектин Анкара көчөсүндө жайгашкан. Үй Үмүтбектин атасы Алтынбек Жуматаевге акысыз негизде менчиктештирүү жолу менен өткөрүп берилмекчи.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Мэрия 5-6-октябрь күнү борбордук аянттагы кагылышууда көз жумган Үмүтбек Алтынбек уулунун атасына батир белек кылууну пландап жатат. Бишкек шаардык кеңешинин тийиштүү токтому коомдук талкууга коюлган.

Анда жазылгандай, белек кылынчу батир Бишкектин Анкара көчөсүндө жайгашкан. Үй Үмүтбектин атасы Алтынбек Жуматаевге акысыз негизде менчиктештирүү жолу менен өткөрүп берилмекчи.

Аталган токтом долбоору Турак жай кодексинин 5-13-58-беренелерине, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" мыйзамдын 12-беренесине жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамдын 18-беренесине ылайык ыйгарылмакчы.

Токтомдо 2020-жылдын 11-ноябрында ошол кездеги президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров бул боюнча тапшырма берип кеткендиги да белгиленген.

"6-ноябрда Садыр Жапаровдун атына Үмүтбек Алтынбек уулунун үй-бүлөсүнөн турак жай берүүнү суранган кайрылуусу келип түшкөн. Каза болгон бала төрт бир тууган болчу. Эң кичүүсү 7 айлык. Атасы механик болсо, апасы үй кожойкеси", — деп жазылган токтомдо.

Мэрия "Муниципалдык менчик жөнүндө" мыйзамдын 12-беренесинде "өзгөчө учурларда жергиликтүү кеңештин чечими менен муниципалдык менчиктеги турак жай фондунун объектилерин жеке адамдардын менчигине акысыз негизде өткөрүп берүү мүмкүн" деп көрсөтүлгөнүн белгилеп кеткен.

"Ала-Тоо" аянтындагы митингден жабыркагандар

Эске салсак, 5-октябрда "Ала-Тоо" аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор митинг өткөргөн. Кийинчерээк чогулгандар Ак үйдү басып алууга аракет кылып, жыйынтыгында милиция менен митингчилер кагылышып, бир топ адам жабыркап, 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу көз жумган.

51
Белгилер:
үй-бүлө, батир, кагылыш, митинг, Үмүтбек Алтынбек улуу, Бишкек
Тема боюнча
Митингде бир көзүнөн айрылган Уларбектин таежеси: экинчи көзү да коркунучта
Легендарлуу футболчу Диего Марадона. Архив

Легендарлуу футболчу Диего Марадона көз жумду

0
(жаңыланган 22:50 25.11.2020)
Аргентиналык спортчу 60 жашта болчу. Ал 30-октябрда медициналык көзөмөлдөн өтүү үчүн ооруканалардын бирине жаткырылган.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Футбол боюнча 1986-жылы дүйнө чемпиону болгон легендарлуу футболчу Диего Марадона көз жумду. Бул тууралуу РИА Новости Аргентинанын TN телеканалына таянып кабарлады.

Аргентиналык спортчу 60 жашта болчу.

30-октябрда "Химнасия жана Эсгрима" футбол клубуна башкы машыктыруучулук кылып жаткан Марадона бир катар текшерүүлөрдөн өтүү үчүн ооруканага жаткырылган. Кийинчерээк анын мээсине операция жасалгандыгы кабарланган. Марадона ооруканадан 12-ноябрда чыгарылганы айтылган. Футбол адисинин акыркы жылдары басканы оорлошуп, өзүн начар сезип калган.

0
Тема боюнча
Роналду, Зидан, Марадона... Дүйнөлүк футболчулардын атын алган кыргызстандыктар