Киши толкунданып турат. Архив

Адис манжа оорусу менен өпкө рагынын кандай байланышы бар экенин айтып берди

173
Эксперт бир нече белгилерди айтып, алар байкалса дарыгерге кайрылууга кеңеш берген. Ал эми манжа оорусунда тырмактын көрүнүшүнө көңүл буруу керектигин кошумчалаган.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Манжанын баш жактарынын көөп кетиши өпкө рагынын белгилери болушу мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новости Express басылмасына таянып жазды.

Басылма Онкологиялык ооруларды окуп, үйрөнүү боюнча британ коомунун өкүлү Эми Херстин айткандарына таянган.

Адистин айтымына караганда, мындай өзгөрүүлөр манжанын муун оорусунун таралган белгиси болгону менен организмдеги билинбеген башка жакшы эмес өзгөрүүлөр туурасында кабар бериши мүмкүн.

"Манжалардын бул оорусунда анын баштары жана тырмактын формасы өзгөрүп, шишигендей элес калтырат", — деген Херст.

Төмөнкү белгилер байкалганда дароо көңүл буруу талап кылынат:

  • Тырмактын негизи жумшарып, ал эми тери жылтырап баштайт;
  • Тырмак адаттагысынан башкача ийилчээк болуп кетет;
  • Манжалардын башы чоңое баштайт.

Эксперт эгерде ушундай белгилер байкалса, дароо дарыгерге кайрылууга кеңеш берген.

"Бул аталган жерге кандын адаттагыдан көп келишинен кабар берет. Бирок эмне үчүн мындай болуп жатканын аягына чейин түшүнө албай жатабыз", — деп айтышкан аталган уюмдан.

Херст өпкө рагынын дагы бир канча белгилери бар экендигин кошумчалаган. Алар — дайымкы жөтөл, демдин кыстыгуусу, көкүрөк туштун оорушу, жутканда кыйналып кеткендик, кирилдеген үн, бет менен моюндун шишип калышы.

173
Белгилер:
адис, тырмак, манжа, өпкө рагы, Улуу Британия
Тема боюнча
Дарыгер ракты чакыра турган ооруларды атады
Россиянын президенти Владимир Путин

Путин келерки жумада коронавируска каршы эмдөө жүргүзүүнү тапшырды

7
(жаңыланган 20:31 02.12.2020)
2020-жылдын август айында Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги дүйнөдөгү алгачкы вакцина катары Гамалея атындагы илимий борбордо жасалган "Спутник V" препаратын каттоого алган.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин вице-премьер Татьяна Голиковага келерки жумадан тарта коронавируска каршы масштабдуу эмдөөнү баштоону тапшырды. Бул тууралуу РИА Новости жазды

​Эске салсак, буга чейин БУУдагы Россиянын атайын өкүлчүлүгү жана Саламаттык сактоо министрлиги "Спутник V" вакцинасынын бет ачарын өткөрөрү айтылган.

Вице-премьер Эльвира Сурабалдиева брифинг учурунда
© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19
"Спутник V": COVID-19га каршы вакцина" деп аталган виртуалдык иш-чара БУУнун Башкы ассамблеясынын атайын комиссиясынын аймагында өтөрү маалымдалган. Отурумда россиялык бул препарат боюнча кенен маалымат берилмекчи.

2020-жылдын август айында Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги дүйнөдөгү алгачкы вакцина катары Гамалея атындагы илимий борбордо жасалган "Спутник V" препаратын каттоого алган. Октябрда дагы бир "ЭпиВакКорона" аттуу вакцина тууралуу жарыяланган. Анын Новосибирскидеги "Вектор" борборунда иштелип чыкканы маалым.

7
Белгилер:
вакцина, коронавирус, Россия
Тема боюнча
Коронавирус G20 саммитин бузду. Батыш башканын вакцинасын батырбайт
Путин Кыргызстан, Беларусь жана Карабахтагы окуялар боюнча оюн айтты
Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов

Талант Мамытов ЖККУ лидерлерине президенттик шайлоо таза өтөрүн убадалады

39
(жаңыланган 19:04 02.12.2020)
Мамытовдун айтымында, бүгүн Кыргызстанда коомдук-саясий кырдаал толугу менен турукташты жана Кыргызстан эл аралык милдеттерин, эки жана көп тараптуу келишимдерди толугу менен аткарууга даяр.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Кыргызстандын бардык мамлекеттик органдары президенттик шайлоонун таза өтүшүнө колдон келген салымын кошот. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов ЖККУ саммитинде айтты.

"Кесиптештерим ансыз деле таза шайлоонун канчалык маанилүү экенин түшүнүп турушат. Бүгүн биз 4-октябрдагы парламенттик шайлоодогу каталарды кайталабаш үчүн туура багытты тандашыбыз керек", — деди Мамытов.

Анын айтымында, бүгүн Кыргызстанда коомдук-саясий кырдаал толугу менен турукташты, Кыргызстан эл аралык милдеттерин, эки жана көп тараптуу келишимдерди толугу менен аткарууга даяр.

"10-январда президенттик шайлоо өтөт. Анда Кыргызстандын бардык мамлекеттик органдары президенттик шайлоонун таза өтүшүнө колдон келген салымын кошот деп ишендирип койгум келет. Бул өлкөдөгү мындан аркы туруктуулукка маанилүү кадам болуп эсептелет", — деди өлкө башчынын милдетин аткаруучу.

Ошондой эле ал ЖККУ мамлекеттеринин лидерлерине 5-6-октябрдагы окуяларды түшүнүү менен кабыл алып, колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. 

39
Белгилер:
президенттик шайлоо, Талант Мамытов, ЖККУ, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо – 2021
Тема боюнча
Талант Мамытовдун Россияга иш сапары үч күнгө созулат