Эртең "Ош" базары менен бир катар райондордо электр жарыгы жок болот. Тизме

© Sputnik / Эмиль СадыровРабота Ошского рынка в Бишкеке
Работа Ошского рынка в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бригадалар аталган райондордо кошумча жабдуу орнотуп, монтаждоо иштерин жүргүзүп, трансформаторлорду оңдошот.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. 23-ноябрь, дүйшөмбү күнү, Бишкектин бир катар райондорунда электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан маалымдашты.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактардын тизмеси:

  • 9:00-12:00 — "Ош" базары;
  • 9:00-13:00 — Тунгуч кичи району, № 6/2 жана 36/2 үйлөрү;
  • 9:00-14:00 — Рухий-Мурас жана 44 Га жаңы конуштары;
  • 9:30-14:00 — Төрөкул Айтматов көчөсүнүн бир бөлүгү жана Таймырский кууш жолу;
  • 9:30-17:00 — Курманалиев жана Салиева көчөлөрүнүн кесилиши, Федоров, Эркиндик, Малиновая, Баялинов, Осмонкул, Древесной көчөлөрү жана 5-кичи райондогу №43, 44 үйлөрдө;
  • 9:30-18:00 — Ак-Босого (Чүй көчөсү, 48-49 жана 52-55 үйлөрү), Арча-Бешик жаңы конуштары (Абаданов көчөсү, 14-15-үйлөрүндө), Профессор Зима, Манас көчөлөрүндө;
  • 11:00-18:00 — Тунгуч кичи району, №74-80-үйлөрү;
  • 13:00-17:00 — Курманжан датка, Морозов, Гражданская, Огонбаев жана Чүй проспектинин айрым бөлүктөрү.
Жаңылыктар түрмөгү
0