Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов. Архивдик сүрөт

Талант Мамытов Валентина Шевченкону жеңиши менен куттуктады

193
(жаңыланган 22:07 22.11.2020)
22-ноябрда АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн UFC 255 турниринде кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко чемпиондук наамын ийгиликтүү коргоп калды.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу Талант Мамытов UFC версиясындагы аралаш мушташ боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченкону Лас-Вегаста өткөн UFC 255 турниринде титулун коргогондугу менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

“Өлкөнүн жалпы эли сиздин таймашты чыдамсыздык менен күтүп, беттешти башынан аягына чейин тынчсыздануу менен көрүштү. Сиз Кыргызстандын сыймыгысыз жана сиздин аркаңыздан өлкөнүн желеги дүйнөлүк спорт майданында дагы бир жолу бийик желбиреди. Чемпиондукка жол талбаган эмгек менен аракеттин аркасында салынат. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, сиздин бир тууганыңыз Антонинаны дагы ошол эле мелдештеги жеңиши менен куттуктайм. Мен сизге мындан ары дагы Кыргызстанды чет өлкөлөрдө даңазалай бересиз деп бекем ишенем, ал эми мекендештердин колдоосу жана каалоо-тилектери сизге тирек болот. Сизге бекем ден соолук, бакубатчылык жана спорттук карьераңызда жаңы жеңиштерди каалайм”, — деди Мамытов.

Бүгүн, 22-ноябрда, АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн UFC 255 турниринде кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко чемпиондук наамын ийгиликтүү коргоп калды. Промоушендин эң жеңил салмактагы титулу үчүн ал кезектеги беттешинде бразилиялык Женнифер Майя менен кез келди. Беш раундга созулган айыгышкан беттеш жүрүп, кыргызстандык мушкер толук артыкчылык көрсөттү.

193
Белгилер:
Талант Мамытов, Валентина Шевченко, Лас-Вегас, Кыргызстан
Тема:
Валентина Шевченконун Женнифер Майя менен беттеши (17)
Тема боюнча
Майянын кашын жарып салды. Шевченко чемпиондугун коргогон беттештин видеосу
Валентина Шевченконун кийинки беттештеги болжолдуу атаандашы айтылды
Валентина Шевченко каршылашы Майяны токмоктоп чемпиондук наамын сактап калды. Видео

Антонина Шевченконун учакты башкарып, асманда калкыган видеосу

26
UFC уюмунун кыргызстандык мушкери Антонина Шевченко бир моторлуу учакты өзү баштарып, чакан авиациядагы жолу тууралуу кеп кылган берүү даярдалды.

"Путь Пилота" YouTube каналына "Пантера" каймана аты бар мушкер кыздын чакан авиациядагы жолу, өзү сатып алган учагы жана кантип учкуч болуп калгандыгы тууралуу айтып берди.

Спортчунун айтымында, ага учкуч болуу идеясы келгенине көп болгон. Бирок ал кыялын ишке ашырууну АКШга барганда көздөй баштаган. Былтыр февраль айында Лас-Вегас шаарында учкучтар мектебине барган. Алгачкы ирет сентябрь айында өз алдынча учуп, декабрда жеке учкучтун сертификатын алган.

Антонина Шевченко — UFC уюмунун кыргызстандык мушкери, белгилүү спортчу Валентина Шевченконун бир тууганы.

26
Белгилер:
Берүү, видео, Учкуч, Антонина Шевченко
Тема боюнча
Майянын кашын жарып салды. Шевченко чемпиондугун коргогон беттештин видеосу
Камактагы адам. Архив

Ысык-Көлдө тонолгон банктар. Уурулукка шектүүлөр кармалды

16
(жаңыланган 15:13 24.11.2020)
Кылмыштарга шектүү катары кармалган эки адам эми соттун чечими менен эки ай камакта болот.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Февраль айынан октябрга чейинки аралыкта облустагы банктардан, финансылык мекемелерден жана соода жайларынан ири суммадагы акча уурдалган. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Задержанные по подозрению в преступлении 31-летний житель Ак-Сууйского района и 35-летний житель села Лебединовка Чуйской области, стоящие на оперативном учете в УВД как члены ОПГ
© Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской области
Шектүүлөр

Бул кылмыштар Каракол шаарынын жана Ак-Суу районунун аймагында катталган.

10-февралда Теплоключенка айылында белгисиз бирөөлөр "Мол-Булак" кредиттик компаниясына кирип, жалпы суммасы 800 миң сом болгон уюлдук телефондорду уурдап кетишкен.

21-июлда шектүүлөр ушул эле айылда "Бай Түшүм" банкынын эшигин бузуп кирип, терминалдан 91 миң 250 сом акчаны алып кетишкен. Сентябрда Караколдо "Бакай банктын" терминалын бузуп ачууга аракет кылышкан. Ал жактан эч нерсе уурдай алышкан эмес.

Октябрда үч соода түйүнүнөн 50 миң сомдук товар уурдалган.

Жакында бул кылмыштарга шектүү катары облустун Ак-Суу районунун 31 жаштагы жана Чүйдүн Лебединовка айылынын 35 жаштагы тургуну кармалган. Облустук милиция аты аталган шектүүлөр кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турганын белгиледи.

Соттун чечими менен алар эки айга камакка алынды.

16
Белгилер:
милиция, шектүү, кылмыш, Ысык-Көл облусу
Тема боюнча
УКМК Ошто кылмыш топтун өкүлдөрүнүн үйүн тинтип куралдарды тапты. Тизме
Таксистти мыкаачылык менен өлтүрүшкөн. Милиция төртүнчү шектүүнү кармады