БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Дарыгер жана алып баруучу Александр Мясников "Россия 1" телеканалынын түз эфиринен боорго зыян делген азык-түлүктөрдү тизмектеп берди. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
"Жумасына 200 грамм арак ичүү эркектердин боорун талкалайт, ал эми 140 грамм арак аялдардын бооруна уу болуп эсептелет", — деди ал.
Мясниковдун айтымында, боордун циррозу ичимдиктен гана эмес, тамакты ашыкча жеп алгандан да пайда болот.
"Таттуу токочтор, пельмен, котлет, колбаса жана башка азыктарды көп жегенде боордун клеткаларына май толуп, аталган органдын иштөөсү бузулат", — деди адис.
Дарыгер гепатиттин B жана C түрүнөн жылына 1,2 миллион адам каза болорун эскертип, коомчулукту гепатиттин B түрүнө каршы эмделип коюуга чакырган. Ошондой эле адис тамакты ашыкча тоюп жебей, аз-аздан сиңирип жегиле деген сунушун айткан.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасына түшкөн белгилүү балдар хирургу Талант Өмүрбековдун абалы тууралуу Sputnik агенттигине аталган медициналык жайдын жетекчиси Гүлжигит Аалиев маалымат берди.
Эске салсак, Өмүрбеков 19-январда эки тараптуу пневмония менен оор абалда ооруканага жаткырылган.
"Акыбалы турукташып калды. Бирок дагы деле жандандыруу бөлүмүнөн чыга элек", — деди Аалиев.
Талант Өмүрбеков Кыргызстанга таанымал дарыгер. Ал Бишкек шаардык Тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын мурдагы дарыгери, Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын балдар хирургиясы кафедрасынын жетекчиси, профессор, медицина илимдеринин доктору.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин директору И.Ш.М. мыйзамсыз байыганы аныкталып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, кармалган жетекчи мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөргө, көптөгөн бодо малга ээлик кылган. Булардын наркы тапкан кирешесине дал келбейт.
"Мыйзамсыз мүлктөрүн жашыруу максатында жакын туугандарына жана аффилирленген жактарга көмүскө түрдө каттаткан. Атап айтканда, үч особнягы, шаардын чок ортосунан 20 батирлүү дагы бир особнягы жана кымбат баадагы автоунаалары болгон. Ошондой эле туугандары менен чет мамлекетке эс алууга байма-бай барып турганы аныкталды", — деп айтылат маалыматта.
УКМКнын билдиришинче, Жол чарба департаментинин директору ири жолдорду куруу үчүн жыл сайын өткөрүлчү мамлекеттик сатып алуулар аркылуу активдерин көбөйткөнү болжолдонууда. Республикалык маанидеги курулуштар үчүн мамлекеттик бюджеттен үч миллиарддан ашык каражат бөлүнөрү белгиленет.
Учурда Транспорт жана жолдор министрлигинин бюджеттик каражаттарга жооптуу жана жемкорлукка тиешеси бар башка кызмат адамдары аныкталып жатканы кошумчаланды.