Башта, моюнда шишик пайда болот. Ооз көңдөйүнүн рагынын баштапкы белгилери

© Sputnik / Александр Гальперин / Медиабанкка өтүүПризыв на военную службу в Санкт-Петербурге
Призыв на военную службу в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адис дартты канчалык эрте аныктаса, андан толук айыгып кетүү мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору боло турганын белгилеген.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Британиядагы ооз көңдөйүнүн саламаттыгы боюнча фонд ооздо рак илдети пайда болгондо алгач кандай белгилерди берерин тизмектеди. Бул боюнча РИА Новости жазды.

Фонддун башчысы Найджел Картердин айтымында, ооз көңдөйү рак болсо, адамдын башында жана моюнунда шишик пайда болушу ыктымал. Ошондой эле тилде кызыл, ак тактар пайда болуп, жара чыгат. Эгер ал үч жуманын ичинде кетпесе, тез арада тиш дарыгерине же терапевтке көрүнүү зарыл.

"Ооздун рагында жаактын ички бөлүгүндө да кызыл, ак тактар, шишик жаралып, таңдай шишип кетиши ыктымал. Ошондуктан адам күн сайын оозун күзгүдөн карап, бир сыйра текшерип коюшу шарт", — деди Картер.

Адис дартты канчалык эрте аныктаса, андан толук айыгып кетүү мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору боло турганын белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0