БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Бишкектин айрым аймактарынын тургундары 24-27-ноябрь күндөрү газсыз калат. Бул тууралуу шаар мэриясынан кабарлашты.
Билдирүүгө караганда, буга жер алдынан өткөн түтүктөн сыртка чыгып жаткан газды токтотуу үчүн жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө иштери себеп болууда.
Газ өчүрүлчү аймактар:
- Кызыл куруучу шаарчасы;
- Элебесов көчөсүнүн Коллективная, Аул, Новосельский жана Кичи Чүй каналынын ортосундагы бөлүгү;
- Сары-Челек, Кыргыз, Логвиненко, Курманалиев, Зеленый, Новый, Колхозный, Заводской көчөлөрүнүн жана айланма жолдун айрым жерлери;
Бардыгы болуп 3 920 абонент газсыз калат.
"Газпром Кыргызстан" ишканасынын "Бишкек газ" филиалы мындай ыңгайсыздык үчүн шаардыктардан алдын ала кечирим сурайт.