БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Конституциялык кеңешменинин мүчөсү Кадыр Кошалиев бүгүнкү жыйында Кыргыз Республикасынын аталышын өзгөртүүнү сунуштады.
Анын пикиринде, элдик бийлик кирип жаткандан кийин "эл" деген сөз кошулушу керек.
"Кыргыз Эл Республикасы" деген аталышты сунуштайбыз. Элдик бийлик кирип жатканына байлыныштуу аталышында эле "эл" деген сөз турушу керек. Кытай Эл Республикасы дегендей эле", — деди Кошалиев.
Ошондой эле ал элдик бийлик менен мамлекеттик бийликти бири-бири менен кынаштырып орду менен алып келген түйүн — бул Элдик курултай экенин белгиледи. Андыктан бул маселе боюнча Конституциялык кеңешменин өзүнчө бир жыйынын өткөрүп, жол-жобосун тактоону сунуштады.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. АКШда коронавируска каршы эмделген киши бир нече саат өткөндөн кийин көз жумганын РИА Новости жазды.
Калифорниядагы Плейзер округунун шерифинин кеңсеси өзүнүн Facebook баракчасына каза болгон адам өткөн айда COVID-19 илдети менен ооругандыгын билдирген.
"Плейсер округунун Саламаттык сактоо кызматы жана шерифтин кеңсесинин коронавирус боюнча бөлүмү адам көз жумгандыгы жөнүндө маалымат алышты. Ал кишиге декабрь айынын аягында COVID илдети жуккандыгы аныкталган. 21-январда эмделип, бир канча саат өткөндөн кийин каза болгон", — деп айтылат билдүүдө.
Маркум округдун Саламаттык сактоо департаментинен башка жактан эмделгени айтылат. Буга карата жергиликтүү, штаттык жана федералдык деңгээлде иликтөө жүргүзүлүп жатат. Көз жумган киши Moderna же Pfizer вакцинасыбы, кайсынысы менен эмделгени азырынча белгисиз.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Жол кырсыгына кабылган ырчы Анжелика Кайратовага Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда операция жасалды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.
“Бүгүн эртең менен академик Сабыр Жумабеков ырчыга шашылыш түрдө операция жасады. Анын жабыркаган омурткалары калыбына келтирилди. Азыр бейтаптын абалы туруктуу. Наркоздон акырындык менен ойгонуп, эсине келип жатат”, — дешти маалымат кызматтан.
Эске салсак, ырчы 23-январдын таңында кыздары менен чогуу келе жатып, Ысык-Көл облусунда жол кырсыгына кабылган. Окуя болгон жерде анын 5 жаштагы кызы жабыркаганы айтылган.