COVID: тесттин жыйынтыгы ката чыкпаш үчүн кайсы эрежелерди кармануу керек

© REUTERS / ADNAN ABIDIМедициналык кызматкер кишиден коронавируска тест алып жатат. Архив
Медициналык кызматкер кишиден коронавируска тест алып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистердин айтымында, коронавируска тест тапшыруу алдында бейтап айрым нерселерди жасоодон алыс болгону оң.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Коронавирусту аныктоо үчүн тест тапшырып жатканда, жыйынтыгы ката чыгып калбаш үчүн кандай эрежелерди кармануу керек экенин вирусологдорго таянып РИА Новости жазды.

Терапевт Татьяна Романенконун айтымында, тест тапшырарда тамактанып, оозду чайкабаш керек.

"Ошондой эле бейтап тест тапшырар алдында чимкирип, мурдуна суу жүгүртүп тазалап алган болсо коронавирусту табуу татаал болуп калат. Демек ооруп жаткан кишиден деле анализ таза чыга бериши мүмкүн", — деди адис.

Ушундай эле пикирин Россиянын элдер достугу университетинин кафедра башчысы, вирусолог Галина Кожевникова дагы билдирди.

"Тест тапшырарга үч саат калганда киши тамак жебей, чылым чекпей жана тишин жуубай турушу зарыл", — деди ал.

Ал эми айрым дарыгерлер тесттин жыйынтыгы аны алып жаткан адистерден дагы көз каранды экенин айтышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0