Чай ичкиле дешкен. УКМК Матраимовдун өкүл баласынын айыптоосуна үн катты

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOИИМ кызматкерлери УКМКнын имаратын алдында. Архив
ИИМ кызматкерлери УКМКнын имаратын алдында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
УКМК Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов менен Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замирбек Тургунбаевдин үйүн тинтүүгө алган.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. УКМКнын маалымат кызматы Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидиновдун ведомство кызматкерлери анын туугандарына орой мамиле кылды деген маалыматын четке какты.

Атайын кызмат буга чейин Ош шаары жана Ош облусунда кылмыш жасоо максатында уюшкан кылмыштуу топ түзүү фактысы боюнча ачылган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-издөө чараларын улантып жатканын белгилеген.

Анын алкагында Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов менен Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замирбек Тургунбаевдин үйү тинтүүгө алынган. Бул аракеттер криминалдын облустагы коомдук-саясий кырдаалга таасир этишине жол бербөөгө багытталганы айтылат.

"Мындан кийин Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Сайпидинов өзүнүн туугандарына жана Сарай айыл өкмөтүнүн жетекчиси Тургунбаевдин апасына орой мамиле кылынды деп УКМКнын кызматкерлерин айыптап видеокайрылуу жасаган. Ошондой эле ал Замир аттуу адам УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин таанышымын деп коркутту деп билдирген", — деп айтылат маалыматта.

Ведомстводон Сайпидиновдун сөзү чындыкка туура келбесин айтышып, "Ташиевдин Кара-Сууда Замир аттуу таанышы жок экенин" кошумчалашты.

Учактан спецназ желкелеп алып кетти. Кримтөбөл Чачтын кармалган видеосу - Sputnik Кыргызстан
Учактан спецназ желкелеп алып кетти. Кримтөбөл "Чачтын" кармалган видеосу
"Тинтүүгө алынган үйдөгү адамдарга орой мамиле жасалган эмес. Атургай Тургунбаевдин апасы УКМК кызматкерлерин жакшы кабыл алып, чай ичип кетүүсүн сунуштаган", — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Аталган иш боюнча иликтөө уланууда.

Белгилей кетсек, аты аталган эки айыл өкмөт башчысы тең 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо "Мекеним Кыргызстан" партиясынын желеги алдында катышкан. Бири 119, экинчиси 126-тизмеде болчу. Алардын бири Мунарбек Сайпидинов Райым Матраимовдун өкүл баласы экени маалым.

Жаңылыктар түрмөгү
0