Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги Эркиндик бульварында көгүчкөн. Архив
Бишкектеги Эркиндик бульварында көгүчкөн. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
24-ноябрга караган түнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. 24-ноябрда күндүз республика боюнча күн ачык болуп, кээ бир райондордо туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында 0...-5, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында -1…+4, Нарында -3…+2, Ысык-Көлдө 0…+5 градусту көрсөтөт.

Ош шаарында +1...+3 градус жылуу болсо, Бишкекте абанын температурасы 0...-2 градуска чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0