Баш байге 200 миң сом! Жаратман жаштар тууралуу роликтерге сынак жарыяланды

© Sputnik / Жоомарт УраимовБир миң сомдук купюралар. Архив
Бир миң сомдук купюралар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Катышуу үчүн өтүнмөлөр Мамагенттиктин жаштар иштерин координациялоо жана өз ара аракеттенүү бөлүмүндө 18-декабрга чейин кабыл алынат.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик жаштар үчүн тарбиялык маанидеги "Жаш жаратман" социалдык видеороликтердин сынагын жарыялайт.

Конкурска чыгармачылык борборлор жана кесипкөй студиялар катыша алат.

Сценарий мекенчил, чынчылдык, жоопкерчилик, асылдуулук, эмгекчилдик жана башка жакшы сапаттарга ээ жаш кыргызстандыктын образын жаратууга багытталышы керек.

Видеороликтин узактыгы эки мүнөттөн ашпоого тийиш.

Жеңүүчүлөр грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланат:

  • 1-орун — 200 миң сом;
  • 2-орун — 150 миң сом;
  • 3-орун —100 миң сом.

Катышуу үчүн өтүнмөлөр Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү 17 дареги боюнча, Мамагенттиктин жаштар иштерин координациялоо жана өз ара аракеттенүү бөлүмүндө 18-декабрга чейин кабыл алынат.

Кошумча маалыматты агенттиктин сайтынан же 0500 054 887 (WhatsApp) номери аркылуу алсаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0