Сагыз чайнаба, тамак ичпе! Коронавируска тест тапшырарда билип алчу эрежелер

© REUTERS / GONZALO FUENTESМедициналык кызматкер коронавируска тест алуу учурунда. Архив
Медициналык кызматкер коронавируска тест алуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
COVID-19га тест тапшырам деген бейтап лабораторияга келерден эки саат мурда тамак жебеши керек.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин молекулярдык-генетикалык жана диагностика лабораториясынын жетекчиси Дамира Ашыралиева коронавируска тест тапшырар алдында билип алчу эрежелерди Sputnik Кыргызстан агенттигине тизмектеп берди.

Анын айтымында, COVID-19га тест тапшырам деген бейтап лабораторияга келерден эки саат мурда тамак жебеши керек. Ошондой эле сагыз чайнабай, дары ичпей, чылым чекпей барышы шарт.

"Коронавируска тест тамак көңдөйүнөн жана мурундун ортоңку бөлүгүнөн алынат. Андыктан анализ тапшырардын алдында бир жолу колдонулчу жүз аарчыга чимкирип, тазалап койгон оң. Мурундагы ашыкча чимкирик бул өлгөн клеткалар. Ал жерде вирус болбой калышы ыктымал. Мурундан жана тамактан алынган анализ тең бирдей чыгышы керек", — деди Ашыралиева.

Адис тесттин жыйынтыгы оорунун убактысына жараша чыгарын да белгиледи. Алсак, бейтаптын ооруганына сегиз күн болуп же андан ашык убакыт өтүп кетсе, анда анализдин жыйынтыгы терс чыгат. Ашыралиева бул учурда антителону аныктоо керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0