COVID дагы төрт кыргызстандыктын өмүрүн алды

© AP Photo / Oded BaliltyМедицина кызматкерлери COVID-19дан каза болгон кишинин денесин жаап жатышат
Медицина кызматкерлери COVID-19дан каза болгон кишинин денесин жаап жатышат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус экинчи ирет күч алгандан бери Кыргызстанда күн сайын бир нече адамдын өлүмү катталууда. Ошондой эле вирус жүздөгөн жарандардан аныкталып жатат.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Бир суткада коронавирустан төрт адам көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.

Билдирмеге караганда, кечээтен бери Бишкек шаарында эки, Таласта бир, Чүйдө бир бейтап коронавирустун айынан каза тапкан. Жалпысынан алганда оору 1 241 адамдын өмүрүн алды.

Азыркы тапта ооруканада 2 948 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 147 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды.

Ооруканада жаткандардын абалы:

  • 64 — канааттандырарлык абалда;
  • 1937 — орточо оор;
  • 800 — оор;
  • 147 — өтө оор.

Акыркы маалыматтар боюнча, бүгүнкү күнү 3 829 бейтап медициналык жардамды үйлөрүнөн алып жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0