Бишкек шаарынын Октябрь районунун акими Константин Куценко. Архив

Жаңы дайындалган Октябрь районунун акими коррупцияга шектелип кармалды

339
(жаңыланган 12:29 24.11.2020)
Куценко 2-ноябрда Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин буйругу менен кызматка дайындалган.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарынын Октябрь районунун акими Константин Куценко коррупцияга шектелип кармалды. Бул туурасында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аким Финпол тарабынан соттун чечими менен камакка алынган жана конфискациялануучу жер участогу боюнча мурда аныкталган коррупциялык схеманын алкагында кечээ, 23-ноябрда, кармалган. Буга чейин бул кылмышка шектүү делип Бишкек шаардык сотунун жарандык иштер боюнча секторунун башчысы Ч.С. жана Бишкектин райондор аралык сотунун судьясы Ж.Н. колго түшүрүлгөнү айтылат.

"2016-жылы материалдык пайда көрүү максатында өз байланыштарын колдонуп президенттик аппараттын кызмат адамдары, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги, айрым судьялар жана сот тутумунун кызматкерлери "Г.Э." ЖЧКсынын кызыкчылыгын көздөгөн. Натыйжада сот иштерин жана чечимдерин жасалмалап, соттун өкүмү менен конфискациялоого тийиштүү болгон мүлктү мыйзамсыз түрдө камактан чыгарган", — деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") менен сотко чейинки өндүрүш ачылган.

Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка жогорку кызмат адамдарын издөө иштери жүрүп жатат.

Константин Куценко октябрдагы башаламандыктан кийин 2-ноябрда Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин буйругу менен аким болуп дайындалган.

339
Белгилер:
Константин Куценко, коррупция, финансы полициясы, аким
Тема боюнча
УКМК: ИИМдин кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Музду чагып, суунун ичин тинткен куткаруучулар. ӨКМдин машыгуусу видеодо

11
(жаңыланган 09:09 22.01.2021)
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди жүргүзүү кызматы атайын машыгуу өткөрдү.

Видео мекеменин YouTube каналына жүктөлдү. Машыгуу Чүй облусунун ГЭС-5 эс алуу борборунда өткөн.

Суучулдар муздун алдында издөө-куткаруу иш-чараларын жүргүзүүгө тартылары белгиленди.

Куткаруучу-суучулдар күжүрмөн даярдыкта болуу үчүн маал-маалы менен муз алдында практикалык жана теориялык көнүгүүлөрдү аткарып турушат.

11
Белгилер:
машыгуу, суучул, куткаруучу, ӨКМ
Тема боюнча
Жети-Өгүздө балык уулоого кеткен кишинин сөөгү табылды. Сүрөт
Көк чай. Архив

Адис узак өмүр сүрүү үчүн төрт эрежени эстен чыгарбоону эскертти

29
Нутрициолог кант диабетинин экинчи түрүнө кабылуу тоболкелчилигин азайтуу үчүн көк чайды көп ичүүнү сунуштаган.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Нутрициолог Марк Гилберт Express басылмасына берген маегинде ден соолукту бекемдеп, узак өмүр сүрүү үчүн туура тамактануу керектигин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Адистин айтымында, биринчи кезекте калориялуу азыктарды азайтуу керек. Анткени калориясы төмөн тамак рациону картаюуну жайлатып, рак, Альцгеймер жана кант диабети илдеттерин алдын алат.

Нутрициолог организмге D витамини өтө зарыл экенин белгилеп, ал иммунитет менен тыгыз байланышта болоруна токтолгон.

"Жемиштерди көп жегиле. Себеби ал жүрөктүн иштөөсүн жакшыртып, иммунитетти бекемдеп, кан басымын түшүрөт. Жемиштер холестериндин топтолушун да алдын алат", — деген адис.

Нутрициолог кант диабетинин экинчи түрүнө кабылуу тоболкелчилигин азайтуу үчүн көк чайды көп ичүүнү сунуштаган.

Бул эрежелерди бир аз убакыт эле сактаган учурда адамдын ден соолугу бир топ жакшыра турганы айтылды. Ал эми аларды дайыма аткарса, адамдын узак жашоо мүмкүнчүлүгү көбөйөт.

29
Белгилер:
кеңеш, ден соолук, өмүр
Тема боюнча
Кайсы суусундук рак оорусун алдын алат? Далилденген изилдөө
Кыздар күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова. Архив

Кыргызстандын балбан кыздары кезектеги окуу-машыгууга киришти

0
Кыргызстандык балбан кыздар жакынкы аралыкта Азия чемпионатына жана Олимпиадага лицензия берилүүчү ири мелдештерге даярданышууда.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова баштаган Кыргызстандын кыздар күрөшүнүн курама командасы Ысык-Көлдө окуу-машыгуудан өтүп жатат. Бул тууралуу өлкөнүн Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы кабарлады.

Балбан кыздар жакынкы аралыкта Азия чемпионатына жана эл аралык лицензиялык турнирлерге катышат.

"Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда Ысык-Көлдө окуу-машыгуудан өтүп жатышат. Иш-чара Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2021-жылга карата кабыл алган календарлык планына ылайык өтүүдө. Спортчулар Азия чемпионатына жана эл аралык лицензиялык мелдештерге даярданышат", — деп айтылат маалыматта.

18-январда старт алган иш-чара 7-февралга чейин уланат.

Окуу-машыгууга машыктыруучулар: Нурбек Изабеков, Байгазы Кенжебаев жана Розалия Тилегенова жетекчилик кылууда.

Чакырылгандардын арасында Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы сыяктуу эмгек сиңирген спорт чеберлери, сегиз спорт чебери, жана спорт чеберине талапкер алты балбан кыз бар.

Окуу-машыгуу жыйыны Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланды.

0
Белгилер:
күрөш, машыгуу, Чолпон-Ата
Тема боюнча
Эркин күрөш. Өлкө биринчилигинде КРдин курама командасы аныкталат
Кыргызстандын мыкты боксчулары Украинада окуу-машыгуу өткөрөт