БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Бишкекте 1-декабрдан тарта кинотеатрлар ачылат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.
Ал мындай сунушту Республикалык штабга бергенден кийин алар уруксат кылганын белгилеген.
Ал ошондой эле мектеп, бала бакчаларды эске албаганда акырындык менен шаардагы чектөөлөр алынарын, тойканаларга өзүнчө алгоритм киргизилерин кошумчалады.
Кыргызстандагы кинотеатрлар 2020-жылдын март айынан бери иштебей келет. Буга COVID-19 илдетине байланыштуу жарыяланган өзгөчө абал себеп болгон. Сентябрда кинотеатр ээлери бийликтен ишкерликти улантууга уруксат берүүнү өтүнгөн. Алгач кинотеатрлар 19-ноябрда ачылары айтылган, бирок кийин штаб чечим кабыл ала электиги маалым болгон.
Видео мекеменин YouTube каналына жүктөлдү. Машыгуу Чүй облусунун ГЭС-5 эс алуу борборунда өткөн.
Суучулдар муздун алдында издөө-куткаруу иш-чараларын жүргүзүүгө тартылары белгиленди.
Куткаруучу-суучулдар күжүрмөн даярдыкта болуу үчүн маал-маалы менен муз алдында практикалык жана теориялык көнүгүүлөрдү аткарып турушат.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Нутрициолог Марк Гилберт Express басылмасына берген маегинде ден соолукту бекемдеп, узак өмүр сүрүү үчүн туура тамактануу керектигин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Адистин айтымында, биринчи кезекте калориялуу азыктарды азайтуу керек. Анткени калориясы төмөн тамак рациону картаюуну жайлатып, рак, Альцгеймер жана кант диабети илдеттерин алдын алат.
Нутрициолог организмге D витамини өтө зарыл экенин белгилеп, ал иммунитет менен тыгыз байланышта болоруна токтолгон.
"Жемиштерди көп жегиле. Себеби ал жүрөктүн иштөөсүн жакшыртып, иммунитетти бекемдеп, кан басымын түшүрөт. Жемиштер холестериндин топтолушун да алдын алат", — деген адис.
Нутрициолог кант диабетинин экинчи түрүнө кабылуу тоболкелчилигин азайтуу үчүн көк чайды көп ичүүнү сунуштаган.
Бул эрежелерди бир аз убакыт эле сактаган учурда адамдын ден соолугу бир топ жакшыра турганы айтылды. Ал эми аларды дайыма аткарса, адамдын узак жашоо мүмкүнчүлүгү көбөйөт.