Коронавирустан төрт киши кайтыш болуп, 127 бейтап өтө оор абалда жатат

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыркы тапта ооруканада 2 851 бейтап дарыланып жатса, 3 832 бейтап медициналык жардамды үйлөрүнөн алып жатканы маалым болду.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус төрт адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.

Билдирмеге караганда, каза болгондордун экөө Бишкек шаарында катталган. Ал эми Баткен менен Талас облустарында бирден бейтап көз жумган.

Азыркы тапта ооруканада 2 851 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 127 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды.

Ооруканада жаткандардын абалы:

  1. 60 — канааттандырарлык абалда;
  2. 1 870 — орточо оор;
  3. 794 — оор;
  4. 127 — өтө оор.

Ал эми 3 832 бейтап медициналык жардамды үйлөрүнөн алып жатканы маалым болду. 

Жаңылыктар түрмөгү
0