БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Ноутбук менен жатып алып иштөө ден соолукка зыян, анткени дененин мындай абалы мээнин иштөөсү үчүн өтө эле ыңгайсыз. Бул тууралуу "Прайм" агенттигине дарыгер-офтальмолог Арпине Адамян айтып берди.
"Адам жатып алганда ноутбукту көзгө ыңгайлаштыруу оор. Мунун айынан омурткага, моюн булчуңдарына, белге жана мээ тамырларына катуу күч келет", — деп түшүндүрдү ал.
Ошондой эле адамда көздүн миопия оорусу жаралат, тагыраагы, алыстан начар көрүп баштайт.
"Чоңдордо да, кичинекейлерде да узак убакытка чейин баш оору, баш айлануу, көздүн көрүүсүнүн начарлашы байкалат. Кеңсе кызматкерлеринин көбү кургак көз синдрому менен кайрылышат", — деген Адамян.
Дарыгер компьютер колдонгондорго ар 20-30 мүнөттө тыным алып, көнүгүү жасап турууну сунуштаган. Андан тышкары, иштеген жерде белди туура кармаган отургучка отуруп, монитордон 50 сантиметр аралыкты сактоо зарыл.
Адис эскерткендей, көз оорулары дароо эле кабар бере бербегендиктен, ооруканага маал-маалы менен баш багып турган оң.
2020-жылы пандемия убагында 19 миллион жүргүнчү ташыдык. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 10 миллион кишиге аз. Бул тууралуу Талантбек Капаров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, троллейбус айдоочуларынын айлык акысы 12-20 миң сомго жетет.
"Бишкек троллейбус башкармалыгында 183 троллейбус бар. 120 транспорт 11 маршрут боюнча линияга чыгып, каттамдарды тейлейт. Жалпы жамаатта 700дөй кызматкер иштейт. Ишканага 2013-жылы 79 жаңы троллейбус, 2018-жылы дагы 52си алынган. Ал эми 1989-1990-жылдары чыгарылган жалпы 27 троллейбустун эскилиги жеткендиги тууралуу мэрияга айтылды. 2020-жылдын башынан тарта "Тулпар" көзөмөл кызматы менен иштеше баштадык. Шаар тургундары электрондук билетке толугу менен өтсө жүргүнчүлөрдүн саны, бюджетке түшкөн каражат боюнча ачык-айкындуулук болот эле", — деди Капаров.
Жетекчи ошондой эле бир троллейбусту капиталдык ремонттон өткөрүүгө болжол менен 150 миң сом талап кылынарын кошумчалады.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча кампаниясын баштады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.
Декларациялык кезектеги кампаниянын эки этапта өтөрү айтылды.
"1-мартка чейин – юридикалык жактар, 1-апрелге чейин жеке тараптар өткөн жылы тапкан кирешелери, жер тилкелери, мүлктөрү, экономикалык ишмердиктери тууралуу жана башка маалыматтар жөнүндө салык органдарына отчёт берүүлөрү керек", — деп айтылган маалыматта.
1-мартка чейин Бирдиктүү салык декларациясын кыргызстандык уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен өлкө аймагында ишмердигин жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү.
1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде салык салынуучу кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү, жер тилкелери (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырган дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларацияны тапшырууга милдеттүү."Белгилей кетсек, мыйзамга ылайык, 2020-жылдын 1-апрелине чейин 2019-жыл үчүн салык декларациясын тапшырууга жетишпей калган жеке жактар жана жеке ишкерлер 2021-жылдын 1-апрелине чейин – 2019 жана 2020-жыл үчүн эки декларация тапшыра алышат", – деп айтылган маалыматта.
Салык кызматы декларация боюнча толук маалыматты 116 номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болорун кабарлады.