Сот балкасы. Архив

Министрлик тосмо арызга карабай сабалган баланын өгөй атасы менен соттошот

(жаңыланган 22:23 25.11.2020)
Учурда бала чоң энеси менен Ат-Башы районунда турат. Социалдык кызматкерлер көзөмөлгө алып карап жатышат.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Сокулукта сабалган баланын өгөй атасы менен соттошот. Бул тууралуу Ализа Солтонбекова парламентте министр кызматына талапкерлиги каралып жатканда билдирди.

Анын айтымында, учурда ал бала чоң энеси менен Ат-Башы районунда турат. Социалдык кызматкерлер көзөмөлгө алып карап жатышат.

"Баланын апасы кош бойлуу экен, ал кайра тосмо арыз жазып, жолдошун чыгарып коюуну суранып жатат. Бирок мыйзамда ага жол берилбейт, кандай учур болбосун бардыгы так көрсөтүлгөн. Биздин министрликтин балдар менен иштеген бөлүмүнүн адистери сотторго катышып, баланын укугун жактайт. Бул ишти аягына чейин көзөмөлгө алабыз", — деди Солтонбекова.

Белгилей кетсек, Сокулук районунда өгөй атасы сабаган алты жаштагы баланын сүрөтү социалдык тармактарга жарыяланган. Маалыматты жеткинчектин апасы тараткан. Андан соң өгөй атасын милиция кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Белгилер:
сабоо, бала, Ализа Солтонбекова
Тема боюнча
Сокулукта алты жаштагы бала катуу сабалып, энеси күйөөсүн айыптап жатат
Жеткинчекти сабады делген өгөй ата убактылуу кармоочу жайга киргизилди
Археологиялык казуулар. Архив

Бишкектен анча алыс эмес жерде балбал таш табылды. Сүрөт

(жаңыланган 22:16 14.04.2021)
Маданият министрлиги балбал таш тууралуу маалыматты тастыктап, аны Тарых музейинин алдына орнотушканын кошумчалады.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бишкектен анча алыс эмес жерде Интернациональный айылынан экскаватор айдоочусу Павел Камаев балбал таш таап алган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине өзү билдирди.

Обнаруженный в грунте балбал в селе Интернациональном недалеко от Бишкека
© Фото / предоставлено Павлом Камаевым
Бишкектен анча алыс эмес жерде Интернациональный айылынан экскаватор айдоочусу Павел Камаев балбал таш таап алган

Балбал — бул адамдын сөлөкөтү чегерилген таш эстелик. Камаев аны кантип таап калганын айтып берди.

"Ал күнү мен жумушта болчумун, жер казып атып бир маалда катуу бир нерсеге тийгендей болдум. Карап, көргөн көзүмө ишенген жокмун. Топурак алдында анча чоң эмес таш эстелиги жатыптыр. Бийиктиги болжол менен бир метрди түзөт. Анын бир колунда чөйчөк тартылган. Табылга жакшы жышаан экенин, мындай жерлерде белгилүү аскер адамы да көмүлгөнүн окугам", — деди ал.

Ал табылгасын адистерге берүү үчүн Маданият, маалымат жана спорт министрлигине барган.

"Балбал ташты өзүмө алып калайын деп эч ойлонгон жокмун. Министрликтегилер айтканымды угуп, анын мынча тереңдикте жатканына таң калышты. Себеби мен аны үч метр тереңдиктен таап чыккам да. Ал жакта бул таш кандайча жатып калганы табышмак", — деди Камаев.

Вид на Государственный исторический музей в центре Бишкека во время реконструкции
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Маданият министрлиги балбал таш тууралуу маалыматты тастыктап, аны Тарых музейинин алдына орнотушканын кошумчалады

Маданият министрлиги балбал таш тууралуу маалыматты тастыктап, аны Тарых музейинин алдына орнотушканын кошумчалады.

Белгилер:
табылга, эстелик, таш, балбал, Чүй облусу, Бишкек
Тема боюнча
Енисейди бойлой Барсбектин мүрзөсүн издегенде... Юлий Худяков менен маек
Бишкектеги Курманжан Датка эстелиги. Архивдик сүрөт

Бейшембиге карата аба ырайы

Күндүн ысышына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн бийик тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү ыктымал.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бейшембиде күндүз республиканын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +21…+26, Талас жергесинде +20…+25, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +22…+27, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +15…+20 градуска чейин көтөрүлөт.

Күндүн табы Бишкекте +23…+25, Ош шаарында +24…+26 градус жылуу болот.

Белгилер:
Кыргызстан, апрель, аба ырайы
Тема боюнча
Бишкекте түркүн түстүү жоогазындар гүл ачты. Ажайып сүрөттөр