Казакстан Кыргызстанга 1 млн. долларлык гуманитардык жүк жөнөттү

© REUTERS / AZIZ TAHERАзык-түлүк. Архив
Азык-түлүк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Өзбекстан башчысы Шавкат Мирзиёев кыргыз элине экономикалык жана гуманитардык жардам көрсөтүүнү сүйлөшүшкөн.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Казакстан Кыргызстанга гуманитардык жардам катары жүк жөнөттү. Бул тууралуу маалымат Sputnik Казакстан агенттигинин Telegram-каналына жарыяланды.

Маалыматка караганда, өпкөнү жасалма дем алдырган 400 комплект мобилдик аппарат жана эки миллион бет кап жиберилген. Жүк фура менен жеткирилет.

Жардамдын жалпы баасы бир миллион долларга чукулдайт. Анын баары казакстандык ишканаларда чыгарылган.

Буга чейин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Өзбекстан башчысы Шавкат Мирзиёев кыргыз элине экономикалык жана гуманитардык жардам көрсөтүүнү сүйлөшүшкөн.

Өзбекстандан медициналык жүк, үч миң тонна буудай жана Бишкек менен Кадамжайга мобилдик госпиталь куруу үчүн конструкциялар жөнөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0