Коронавирустан бөтөнчө жапа чеге турган кесип ээлери аталды

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүПарфюмерия дүкөнүндө иштеген аял. Архив
Парфюмерия дүкөнүндө иштеген аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адис коронавируста жыт билбей калуу айрымдар үчүн анчейин кыйынчылык жаратпасын, ошол эле учурда бул симптомдун айынан кээ бирлер ишинен оорчулук тартарын айткан.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Коронавирус парфюмерияда иштегендерге өзгөчө кедергисин тийгизерин Sputnik радиосуна "Аромаобраз" парфюмердик ательесинин жетекчиси Вероника Бруховецкая айтып берди.

Адистин билдиришинче, жыт билбей калуу коронавирустун эң көп тараган белгилеринин бири жана ага кабылган айрым бейтаптар көп деле кыйынчылыкты сезбеши мүмкүн. Бирок парфюмерлер үчүн жумушунан кол жууганга барабар.

"Мурун жана жыт билүү сезими ишибиздеги маанилүү курал болгондуктан аялуу топто турабыз деп айтсак болот. Учурда ден соолукту чыңдап, ооруп калбаганга аракет кылуудабыз. Иммунитетти көтөрүп, ооруну алдын алууда көбүнчө эфир майын колдонуп жатабыз", — парфюмер.

Коронавирустан кийин жыт сезүү бир нече күндөн бир канча айга чейинки аралыкта калыбына келет. Бруховецкая бул процессти жеңилдетүү үчүн жыты аңкыган өсүмдүктөрдү же тамак-аштарды жыттап көрүп, мурунду "машыктырууну" сунуштаган. Ал мындай жол менен мээдеги нейрондук түйүндөр менен эс тутумду калыбына келтирсе болот деп эсептей турганын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0