БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Бир суткада коронавирус 427 кишиден табылып, 439 бейтап ооруну жеңди. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.
Ага ылайык, адаттагыдай эле ооругандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында.
Жуктургандар:
- Бишкек – 178;
- Ош – 17;
- Чүй облусу – 94;
- Ош облусу – 36;
- Талас облусу – 13;
- Нарын облусу – 2;
- Ысык-Көл облусу – 35;
- Жалал-Абад облусу – 23;
- Баткен облусу – 28.
Айыккандар:
- Бишкек – 137;
- Ош шаары – 13;
- Чүй облусу – 74;
- Ош облусу – 53;
- Талас облусу – 24;
- Нарын облусу – 13;
- Ысык-Көл облусу – 64;
- Жалал-Абад облусу – 64;
- Баткен облусу – 54.
Ушуну менен ооруну илештирип алгандардын саны 71 171ге жетти. Анын ичинен 62 544 бейтап айыкса, 1 251 адам каза тапты.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 16 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Алардын ичинен бирөө ооруну кызыл зонадан илештирген.
- Бишкек шаары – 4;
- Чүй облусунда – 3;
- Ош облусунда – 1;
- Ысык-Көл облусунда – 7 (кызыл зонадан 1);
- Нарын облусунда – 1.
Ошол эле маалда стационардан беш, үй карантининен үч медкызматкер айыгып чыгарылган.