Сурабалдиева: быйыл жаңы жылдык кечелер өтпөй турган болду

© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер АлиевВице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева. Архив
Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-премьер мамлекеттик кызматкерлер да жаңы жылга карата майрамдык кечелерди уюштурбай турганын белгиледи.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Өкмөт жаңы жылдык кечелерди өткөрүүгө тыюу салат. Бул тууралуу брифингде сүйлөп жатып вице-премьер Эльвира Сурабалдиева билдирди.

Анын айтымында, мындай корпоративдер көп сандагы адамдардын чогулуусу менен өтөт.

"Баары жеңил кийинип жүрөт, сезондук грипптин жайылышы мүмкүн. Баарыбыз майрамдарда социалдык аралык сакталбай, бет кап тагынгандар болбой турганын көрдүк. Суроого так жооп берейин, бир да жаңы жылдык кече өтпөйт", — деди чиновник.

Вице-премьер мамлекеттик кызматкерлер да майрамдабай турганын белгиледи. Мындай тапшырма Республикалык штабдан берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0