Баткенде "Ата-энеңди кооптуу илдеттен сакта" акциясы башталат

© REUTERS / Vladimir Pirogov/File PhotoРабота дневных стационаров в Бишкеке
Работа дневных стационаров в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара 1-декабрдан коронавирус илдети азайганга чейин уланат. Тийиштүү буйрукка өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү кол койгон.

БИШКЕК, 26-ноя. – Sputnik. Баткенде 1-декабрдан тарта "Ата-энеңди кооптуу илдеттен сакта" иш-чарасы башталат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Чолпон Бердикулова билдирди.

Анын айтымында, иш-чаранын алкагында окуучулар, студенттер, жалпы эле жаштар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, акция, флешмоб жана ЖМК аркылуу атайын берүүлөр уюштурулат. Мындай иш-чаралар 1-декабрдан коронавирус илдети азайганга чейин уланмакчы. Тийиштүү буйрукка өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Жаныбек Жалалов кол койгон.

"COVID-19 негизинен жашы улгайган жана өнөкөт оорусу бар жарандар үчүн абдан кооптуу. Саламаттык сактоо министрлигинин анализинин негизинде өлкөбүздө өлүм учурларынын көпчүлүгү 60 жаштан ашкан бейтаптардын арасында болууда. Ал эми Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттеринин корутундусунда 65 жаштан өткөн адамдар вируска чалдыкса, 15 пайызы өлүмгө дуушар болуп жатат. Кыш мезгилинде өнөкөт жана сезондук жугуштуу оорулардын күчөшүнө байланыштуу 60 жаштан ашкан жарандарга коомдук жайларга, базарларга, эл көп топтолгон иш-чараларга барбоону жана үйдөн чыкпай санитардык нормаларды сактоо зарылдыгын эскертебиз", — деди Бердикулова.

Ал ошондой эле улгайган жарандарды кооптуу илдеттен сактоодо жаштардын жоопкерчилиги өтө чоң экенин белгилеп, ата-энесине балдары ооруну жугузуп койгон учурлар көп болуп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0