Фотофакт: ышка тумчуккан Бишкектин асмандан көрүнүшү

Жазылуу
Күн сууктагандан бери Кыргызстандын борбору Бишкекте кайрадан аба булгана баштады. Бул адаттагы көрүнүшкө айланып калды. Себеби температура төмөндөөр замат калаа тургундары от жага баштайт.

Бишкектин ышка тумчуккан сүрөтүн Пригородное айылы тараптан кечээ, 25-ноябрда, жарандардын бири тартып алган.

Буга чейин Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азиз Суракматов калааны каптаган кара түтүндүн 70-75 пайызы жагылган көмүрдөн чыгып жатканын билдирген.

© Sputnik Кыргызстан, Фото / fruspotterБишкектин ышка тумчуккан сүрөтүн Пригородное айылы тараптан кечээ, 25-ноябрда, жарандардын бири тартып алган
Фотофакт: ышка тумчуккан Бишкектин асмандан көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин ышка тумчуккан сүрөтүн Пригородное айылы тараптан кечээ, 25-ноябрда, жарандардын бири тартып алган

Айрым маалыматтарда ири шаарларда абанын кыш мезгилинде булганышы бир гана өпкө ооруларына алып келбестен, ички органдарды жабыркатып, жүрөктү алсыратары айтылган. Адистер кара түтүн өпкөдөн ылдый жайгашкан көк боор, ашказан, өт, сокур ичеги, түз ичеги сыяктуу органдардын ишин бузарын айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0