БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Ош шаарында мурунку милиция кызматкери жолтандабас унаасын текшерүү үчүн тепкичтен чыккан. Бул туурасында Ош ШИИБдин маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди.
Анын айтымында, окуя 26-ноябрга караган түнү Ош шаарындагы Рысбай Абдыкадыров көчөсүндө катталган.
Бүгүн эртең менен социалдык тармактарда адамдар түшүп-чыгууга ылайыкталган тепкичтен машинасын айдап чыккан эки жигиттин видеосу тараган. Рулда отурган жигит жанындагы адамдын жаңы алган унаасын текшерип көрүү үчүн тепкичке салып, аны өзүлөрү видеого тарткан.Тепкичтердин четтери талкаланганына байланыштуу Ош шаардык мэриясы бул жарандардын үстүнөн милицияга арыз жазган.
Сыдыков руль башкарган 33 жаштагы шаар тургуну мурда Ош облусундагы милиция бөлүмдөрүнүн биринде иштегени аныкталганын билдирди. Ал Jeep Grand Cherokee үлгүсүндөгү автоунааны айдаган.
Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Бузуулар кодексинин 124-беренеси ("Авто ээнбаштык") боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталды.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Ырчы Анжелика Кайратова кыздары менен чогуу келе жатып, Ысык-Көл облусунда жол кырсыгына кабылган. Анын беш жаштагы кызы жабыркап, ооруканага түшкөнүн Облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Жибек Жайылмышева билдирди.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
"Автоунаада беш киши болгон. Ырчынын беш жаштагы кызынын эки бутунун тең сан сөөктөрү сынып кеткен. Башкаларына медициналык жардам зарыл болгон жок", — деди директор.
Маалыматка караганда, алар Бишкекке жөнөтүлгөн. Ал эми жабыркаган кыз кечээ Түп райондук ооруканасында калтырылган. Бүгүн аны Бишкектеги ооруканага алып кетүү үчүн реанимобиль Көлгө келе жаткандыгын айтышты.
Кырсык 23-январда таңкы саат алтыларда Балбай айылынын жанынан болгондугу маалымдалды.
Кийин ырчы өзүнүн Instagram баракчасына колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирип пост жазды.
"Аллахка чексиз мактоолор. Доктурларга таазим. Баары шүгүр. Чын жүрөктөн төртөөбүзгө берип жаткан дуаларыңыздар кабыл болсун. Аманбыз", — деди Кайратова.
Маалыматка караганда, автоунаанын ичиндеги калган жүргүнчүлөр катуу жаракат алган эмес.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Кыргызстанда соңку бир сутканын ичинде 104 адам коронавирус жугузуп алса, 155 бейтап ооруну жеңип чыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Илдеттен эки адам каза болуп, экөө тең Бишкек шаарынын тургундары экени айтылды. Ушуну менен өпкөнү сезгенткен оорудан 1 400 кыргызстандык көз жумду.
Бир сутка ичинде катталган жаңы учурлар:
Бүгүнкү статистиканы кошкондо өлкөдө COVID-19 жугузуп алган адамдардын жалпы саны 83 900гө жетти.
Айыгып чыккандар:
Ушуну менен коронавирустан сакайгандардын саны 79 927 кишини түздү.
Бүгүнкү күндө ооруканаларда 676 бейтап дарыланууда. Алардын үчөө канааттандырарлык абалда, 419у орточо оор, 221и оор абалда, 33ү өтө оор абалда жатат. Мындан сырткары, 967 бейтап үй шартында дарыланууда.Бир сутка ичинде өлкө боюнча төрт медицина кызматкери коронавирус менен ооруп калган. Алардын ичинен экөө илдетти кызыл зонадан жуктурган. Үй карантининен үч медик чыгарылган.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов ирландиялык Конор Макгрегордун америкалык Дастин Порьеден жеңилгени боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.
Эки мушкер бүгүн, 24-январда, UFC 257 мелдешинин башкы беттешинде кезиккен. Америкалык спортчу кармаштын экинчи раундунда нокаут менен утту.
"Сени чемпион кылган команданы алмаштырып, спарринг-өнөктөштөрдү чанып, чындыктан алыстап, жаш балдар менен машыгып жүргөндүн кесепети ушундай болот турбайбы...", — деп Нурмагомедов Twitter баракчасына билдирүү калтырган.
This is what happened, when you change your team, leave the sparring partners who made you a champion and sparring with little kids, far away from reality.
— khabib nurmagomedov (@TeamKhabib) January 24, 2021
Буга чейин спорттук карьерасын жыйынтыктаган Хабиб Нурмагомедов Макгрегор — Порье, Чендлер — Хукер беттешине байкоо саларын айткан. Эгер алар чемпиондук наам үчүн кармашка татыктуулугун көрсөтсө, анда октагонго келери мүмкүн экенин билдирген. Мындан улам UFC 257 мелдешинин башкы беттештеринин мааниси арткан.
АКШлык Порье менен ирландиялык Макгрегор бүгүн, 24-январда, Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралында" өткөн мелдеште кармашып, Порье атаандашын нокаутка түшүрүп утту.
Россиялык мушкер буга чейин Макгрегорду да, Порьени да титулдук беттеште мөөнөтүнөн мурда утуп, чемпиондук наамын коргогон.