БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев ооруканага түштү. Бул маалыматты УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулайманов Sputnik Кыргызстан агенттигине тастыктады.
Анын айтымында, Ташиев учурда Бишкектеги ооруканалардын биринде дарыланып жатат.
"УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев учурда ден соолугуна байланыштуу ооруканада жатат. Абалы канааттандырарлык, дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Тынчсызданууга негиз жок", — деди Сулайманов.
Ташиевдин оорусунун диагнозу жана ооруканага качан жаткырылганы кабарланган жок.
Буга чейин социалдык тармактарга Камчыбек Ташиевдин ден соолугу начарлап ооруканага түшкөнү боюнча маалымат тараган.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. АКШ президенти Жозеф Байден Кошмо Штаттарга кире турчу адамдардан ПЦР-анализи терс чыккан маалымдамаларды гана эмес, карантин да талап кылынарын жар салды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Вирустун жаңы штаммын аныктап калсак, АКШга башка мамлекеттерден учуп келгендерге жаңы чараларды киргизебиз. Ар бири бет капчан болушу шарт. Ошондой эле АКШга келе турчулар учакка отурарда коронавируска тест тапшырып, Америкага келгенде карантинден өтүшү зарыл", — деген Байден.Белгилей кетсек, Байден кызматка киришери менен экс-президент Дональд Трамптын бир катар жарлыктарын жокко чыгарган.
Алгач президент АКШны кайрадан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна мүчө кылып киргизди. Эске салсак, 2020-жылдын апрель айында Американын ал кездеги лидери Трамп ДССУну Кытайга өтө эле көңүл бурарын, болбосо уюм АКШ бөлгөн акчанын көпчүлүк үлүшүн аларын айтып чыккан. Июль айынан баштап Кошмо Штаттар уюмдан чыгуу процессин баштаган.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Мыйзамсыз байыган деп кармалган Финполдун Ички иликтөө жана коопсуздук башкармалыгынын башчысы Айбек Токоев эки айга камалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, 20-январда Биринчи май райондук сотунда Токоевдин баш коргоо чарасы тандалып, 18-мартка чейин УКМКнын тергөө абагына киргизүү чечими кабыл алынган.УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Айбек Токоевди 18-январда кармаган. Ал 2014-2020-жылдар аралыгында көптөгөн кыймылсыз мүлккө ээ болгону, ал мүлктөр анын жакын туугандарына көмүскө түрдө катталганы айтылат. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, кыймылсыз мүлк жана финансылык активдери 4 миллион долларга бааланып, мыйзамдуу кирешесине дал келген эмес.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. "Короче" Telegram-каналы Бишкектеги өрттүн видеосун жарыялады.
ӨКМге Абдымомунов, №259 дарегинде жайгашкан тамактануу жайы, "Pur-Pur" кафеси күйүп жатат деген кабар түшкөн.
Маалыматта кафенин ичиндеги оокаттар өрттөнүп кеткени айтылды. Учурда тиешелүү органдар өрттүн себебин тактап жатат.
Тилсиз жоо түнкү саат 02:10до чектөөгө алынып, жалын толугу менен таңкы саат 04:13тө өчүрүлгөн.