COVID болгон бейтаптарды кабыл алган Бишкектеги ооруканалар. Канча орун бош?

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
27-ноябрь саат 10:00гө карата 13 оорукананын ичинен учурда 12синде 260 орун бар. Ал эми Улуттук хирургия борборунда бош орун калбай калган.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус жуктуруп алгандарды жаткыруу үчүн Бишкектеги бош оруну бар ооруканалардын тизмесин жарыялады.

Ага ылайык, 27-ноябрь саат 10:00гө карата 13 оорукананын ичинен учурда 12синде 260 орун бар. Ал эми Улуттук хирургия борборунда бош орун калбай калган.

  • Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы — 5;
  • Улуттук хирургия борбору — 0;
  • Улуттук госпиталь — 14;
  • Улуттук госпиталдын урология борбору — 16;
  • Улуттук фтизиатрия борбору — 2;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 13;
  • №1 шаардык клиникалык ооруканасы — 73;
  • Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 28;
  • Темир жол ооруканасы — 10;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 14;
  • Улуттук онкология жана гематология ооруканасы — 8;
  • №2 клиникалык төрөт үйү — 8;
  • Улуттук госпиталдын урология борбору — 14;
  • Республикалык наркология борбору — 63.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 71 548 болду. Анын ичинен 62 946 бейтап айыккан. Кечээ дагы беш адам каза таап, оорудан көз жумгандардын саны 1 256га жетти. 

Жаңылыктар түрмөгү
0