БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Талас облусунун мурдагы жетекчиси Марат Мураталиевдин кеңешчиси делген Марслатбек Шералиев велосипедчен баланы сүзүп өлтүрүп алганы үчүн үч жылга кесилди. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы кабарлады.
Талас райондук сотунун өкүмү 23-ноябрда чыккан. Анда Шералиев Жазык кодексинин 297-беренесинде жана 135-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмыштарды жасоодо күнөөлүү деп табылган. Натыйжада эки жылдык мөөнөткө айдоочулук укугунан ажыратуу менен 2 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылган.
"Жазык кодексинин 78-беренесине ылайык, белгиленген жазаларды жарым-жартылай кошуу жолу аркылуу биротоло эки жылдык мөөнөткө айдоочулук укугунан ажыратуу менен 3 жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза дайындалды", — деп айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек, быйыл 30-июлда Талас облусунун башчысынын кеңешчиси делген Марслатбек Шералиев автоунаасы менен велосипедчен адамды коюп кетип, ал каза болуп калган.
Милициянын билдиришинче, Toyota 4Runner айдаган 53 жаштагы Шералиев жолдун четинде велосипед менен келе жаткан 23 жаштагы А.А. аттуу жигитти коюп кетип, андан ары токтоп турган Mercedes үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунааны сүзгөн. Экспертизанын жыйынтыгы унаанын айдоочусу мас экенин аныктаган.Өкмөттүн Талас облусундагы ошол кездеги өкүлү Марат Мураталиев ал айдоочу расмий түрдө өкүлчүлүктүн штаттык кызматында иштебегенин айтып, бирок кээде кеп-кеңешин берип турганын билдирген. Ошондой эле ал "афганчы" жана Улуттук коопсуздук кызматынын (азыркы УКМК) запастагы полковниги экенин кошумчалаган.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Алай районунун Сары-Могол айылында жайгашкан орто мектепке спорт зал жана ашкана куруу үчүн мамлекеттен бөлүнгөн акчанын бир бөлүгү уурдалып кеткен. Бул туурасында Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, курулуш иштерин баштоо үчүн 2015-жылы тендер өткөрүлүп, жеңүүчү компанияга 24 млн. 202 миң 850 сом алдын ала төлөнгөн.
"Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жеңүүчү компанияга акча каражаты толугу менен которулуп, бирок 5 жылдан бери аталган орто мектептин спорт залын жана ашканасын куруу иштери токтоп калган. Натыйжада мамлекетке 6 млн. 382 миң 225 сомдук материалдык зыян келтирилген", — деп жазылат маалыматта.
Текшерүүнүн жыйынтыгында райондук прокуратура тарабынан аталган факт боюнча Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасына түшкөн белгилүү балдар хирургу Талант Өмүрбековдун абалы тууралуу Sputnik агенттигине аталган медициналык жайдын жетекчиси Гүлжигит Аалиев маалымат берди.
Эске салсак, Өмүрбеков 19-январда эки тараптуу пневмония менен оор абалда ооруканага жаткырылган.
"Акыбалы турукташып калды. Бирок дагы деле жандандыруу бөлүмүнөн чыга элек", — деди Аалиев.
Талант Өмүрбеков Кыргызстанга таанымал дарыгер. Ал Бишкек шаардык Тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын мурдагы дарыгери, Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын балдар хирургиясы кафедрасынын жетекчиси, профессор, медицина илимдеринин доктору.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кечээ, 24-январда, Ысык-Көл облусунда адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Жол кырсыгы Каракол — Бишкек унаа жолунда, Түп районундагы Күрмөнтү айылынан анча алыс эмес жерде болгон.
"Mercedes-Benz Sprinter жолдон чыгып кетип бакты барып сүзгөн. Анын ичинде айдоочу жана 17 жүргүнчү болгон. Кырсыктын кесепетинен бир аял көз жумду”, — деп айтылат маалыматта.
Жаракат алган жети киши тийиштүү жардам алып жатат. Алардын арасындагы алты жаштагы бала реаниямацияда болсо, калгандары палатада.