БИШКЕК, 27-ноя. – Sputnik. Кыргызстандын жергиликтүү авиакомпанияларын Европа биримдигинин кара тизмесинен чыгаруу үчүн кандай процедуралардан өтүшү керектигин Жарандык авиация агенттигинин директору Сталбек Шаршеев айтып берди. Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "КРдеги авиация: рейстерди ишке киргизүү, №1 борт жана ЕБнын кара тизмеси" аттуу онлайн-брифингге катышты.
Анын айтымына караганда, кыргыз тарап документтердин биринчи пакетин жиберген, экинчиси кечээ жакында эле талкууланган. Анткен менен эзелки маселени чечүү мөөнөтү тууралуу сөз кылуу эртелик кылат.
"Европанын авиациялык коопсуздук агенттигинин өкүлдөрү менен болгон видеоконференцияда бизге документтердин жаңыланган тизмесин жөнөтүшөрүн айтышты. Аларды биз даярдап беришибиз керек. Сөз биздин эл аралык нормалар менен иштеп жатканыбызды далилдөөчү база тууралуу болуп жатат. Кийин биздин тарап аны изилдөөгө жөнөтөт, баа берүү үчүн эксперттерге дагы убакыт керек. Андан соң аудитордук топ Кыргызстанга учуп келип жеринде текшерүү жүргүзүп, анын жыйынтыгы менен акыркы отчётун жазып, ЕБге бериши керек", — деди Шаршеев.
Шаршеевдин пикиринде, пандемиядан улам өлкө качан экинчи этапка өтөрүн (эксперттердин келишин) айтуу кыйын.
Эске салсак, кара тизмеге коопсуздук көйгөйлөрүн чечпеген авиакомпаниялар кирет. Бул тизмеге кирген учурда учактар үчүн Европа биримдигинин аба каттамдары жабылат.
Кыргызстандын бардык авиакомпаниялары 2006-жылдан бери Европа биримдигинин кара тизмесинде. Андан чыгыш үчүн эл аралык стандарттарга жооп берүү зарыл.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Германия Кыргызстанга 14,9 миллион евро өлчөмүндөгү карызын кечүүгө даяр. Болгону Кыргызстан ал каражатты ипотекалык кредитке жумшашы керек. Бул тууралуу журналисттерге Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси Руслан Татиков билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылы министрлик тышкы карызды жоюп салуу өтүнүчү менен бир нече мамлекетке кайрылган. Бир гана Германия буга макул болду.
"Жалгыз Германия карызды жоюу боюнча макулдугун берди. Документке кол коюла элек, бирок сүйлөшүүлөр болду”, — деди Татиков.
Ал кошумчалагандай, бул каражат эми Мамлекеттик ипотекалык компанияга жумшалат деп күтүлүп жатат.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Каракол шаарынын Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматы өткөн жылдын сентябрь айында берилген Toyota Land Cruiser Prado үлгүсүндөгү жолтандабасты башка автоунаага КР президентинин иш башкармалыгы менен алмашып алды. Бул тууралуу кызматтын жетекчиси Нуркамел Бектуров билдирди.
Социалдык тармактарда “медиктерге берилген автоунааны президенттин иш башкармалыгы алып алыптыр” деген маанидеги посттор жарыяланды.
Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси менен байланышты. Ал автоунааны алмашып алышканын тастыктап, жолтандабастын ордуна Volkswagen Polo үлгүсүндөгү машина алышканын билдирди.
Эске салсак, өткөн жылдын июль айында өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнө тиешелүү автоунаага башка автонун номери тагылып жүргөн жерден кармалып, чуу чыккан. Кийин ал авто эл аралык долбоордун негизинде сатып алынганы айтылган. Көп өтпөй автокөлүк Каракол шаарынын Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматына белекке берилген.