Жалал-Абадда жер титиреди

Жазылуу
Алдын ала алынган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Жер титирөө бир катар айылдарда сезилген.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Бүгүн, 27-ноябрда, саат 11:59да Жалал-Абадда күчү үч баллга жеткен жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Жер титирөө Базар-Коргон районунун Арсланбаб айылында үч баллга, Жай-Терек, Оогон-Талаа, Гүмкана айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала алынган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0