Адахан, Садык, Садыр... Президенттикке талапкерлердин ысымы эмнени түшүндүрөт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСооронбай Жээнбеков прибыл в Москву для участия в праздновании 75-летия Победы
Сооронбай Жээнбеков прибыл в Москву для участия в праздновании 75-летия Победы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттик шайлоону утурлай Sputnik Кыргызстан агенттиги ажо болом деп жаткан талапкерлердин ысымынын маанисине кызыгып көрдү.

Ала-Арча мамлееттик резиденциядагы жыйын залы. Архив  - Sputnik Кыргызстан
Кимиси качан 61 жашка чыгат. Президенттикти мелжегендер тууралуу фактылар
Адатта кыргыз элинде гана эмес, түрк, славян элдеринде да адамдын энчилүү аты анын кулк-мүнөзүнө гана эмес, тагдырына да таасирин тийгизет деген божомол ойлор айтылып келет.

Жакшы тилек, изги үмүт менен коюлган ысымдар талапкерлердин мүнөзү менен тагдырына канчалык дал келет? Sputnik Кыргызстан агенттиги азыркы 47 талапкердин ар биринин атынын маанисин чечмелеп көрүүгө аракет кылды.

Белгилей кетсек, ысымдарды чечмелөө үчүн Шералы Жапаровдун "Адам аттары — эл байлыгы" эмгеги колдонулду. Мындан сырткары, маалыматтар тилчи Ишенбек Султаналиевден, сөздүктөрдөн жана ачык маалымат булактарынан алынды.

Адахан Мадумаров, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын төрагасы

Адахан. Бул ысым араб тилинен кириши мүмкүн. Анткени араб элинде "адал" деген сөз бар. Ал "адилет" дегенге жакын болушу ыктымал. Ал эми "хан" кыргызча эле сөз. Ошондо адилеттүү хан деген маанини берип калат.

Арстан Алай, активист

Арстан. Арстан бул сары жүндүү ири жырткыч жаныбар. Ал айбанаттардын эң күчтүүсү, кайраттуусу болуп эсептелет. Ошол себептен "арстандай шер, эрктүү, күчтүү болсун" деген ой менен бул ысым уул балдарга берилип жүрөт.

Кубан Чороев, экономист

Кубан. "Кубан" деген сөз сүйүнүү, шаттануу, көңүлү көтөрүлүү деген маанини билдирет.

Назарбек Нышанов, активист

Добуш берип жаткан жаран. Архив - Sputnik Кыргызстан
Президенттик шайлоо. Саясий кампания кандай жүргүзүлөрүн календарь менен баяндайбыз
Назарбек. "Назар" деген сөз араб тилинен которгондо "зээндүү, аракетчил, жамандыгы жок" деген маанини түшүндүрөт. Айрымдары баласы токтобой жүрүп перзенттүү болгон учурда "Кудай бизге назарын буруп, ушул баланы берди" деген тилек менен ушул ысымды тандашкан.

"Назар" деген сөздүн кыргызча мааниси "көңүл бөлүү". Мисалы, назары сынуу — көңүлү калуу, шагы сынуу дегенди түшүндүрөт. Ал эми "бек" деген сөз бекем, катуу деген мааниде айтылат. Ал элди бийлеген адам, төрө деген маанини да билдирет.

Канат Исаев, Жогорку Кеңештин экс-төрагасы

Канат. Канат деген куштардын жана учуучу жаныбарлардын учууга ылайыкталган мүчөсү. Бул ысымды бала ата-энесине канат-бутак, тирек, жөлөк болсун деген максатта ыйгарышкан.

Абдыкаар Сыдыков, пенсионер

Абдыкаар. "Абд" деген сөз араб тилинен которгондо "кул" деген маанини билдирет. "Абды" деген сөз жеке туруп, энчилүү ат катары колдонулат. "Каар" деген сөз болсо ачуу, кыжыр деген мааниде айтылат.

Сазыкбай Турдумалиев, "Улукман" партиясынын башчысы

Сазыкбай. "Сазык" деген кыргыздын сөзү. Ата-энеси балдары токтобой койгондо же көз тийбесин деп ырымдап Сазык, Сазымаалы, Сазыкбай, Сазыгул деген ысымдарды коюшкан.

Рашид Тагаев, "Газпром" ишканасынын Оштогу филиалынын мурдагы башчысы

Раши́д. "Рашид" деген сөз араб тилинен келген. Бул ысымдын эки мааниси болушу ыктымал. Rašīd деп жазылганы "жол башчы, жетектөөчү" деген маанини билдирсе, Rāšid деп жазылганы "туура жол менен, Кудайдын жолу менен бараткан адам" дегенди туюндурат.

Жеңишбек Байгуттиев, "Толубай" банкынын директорунун кеңешчиси

Жеңишбек. Жеңиш деген согушта, жоокерчиликте жеңип алуу салтанаты. Жеңишбек, Жеңиш, Жеңишгүл деген ысымдарды кыргыздар көбүнчө Улуу Ата Мекендик согуш учурунда жана андан кийин көп коё башташкан.

Клара Сооронкулова, Конституциялык соттун экс-судьясы

Клара. "Клара" деген сөз латын тилинен которгондо "ачык", "жарык" деген маанини туюндурат.

Аймен Касенов, кыргыз-орус өнүктүрүү фонду башкармалыгынын мурдагы мүчөсү

Аймен. Аймең деген ысымды казак элинен көбүрөөк кездештирүүгө болот. Казак менен кыргыз тили окшош болгондуктан, "Ай" бул күн нуруна чагылышып жаркырап көрүнүп туруучу асман телосу болсо, ал эми "мең" бул "кал" деген сөз менен синонимдеш. "Аймен" деген сөз араб тилинен которулганда "ийгиликтүү, бактылуу" деген маанини түшүндүрөт.

Азамат Эсенбеков, Чүй облусунун Москва районунун мурдагы акими

Азамат. "Азамат" деген сөздүн түпкү мааниси эр жеткен киши, жашы толуп турган жигит. Ошондой эле адамгерчиликтүү, жакшы сапаттарга ээ болгон адамды да "азамат" деп коюшкан. Эркек уулдуу болгондор "балам эли менен жеринин чыныгы патриоту, кулуну болсун, абалды жөнгө салган азаматтардан болсун" деген ниет менен бул ысымды ыйгарышат.

Элеонора Турдубекова, Бишкек хореографиялык окуу жайынын башчысы

Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Президенттикке талапкерлердин фондуна канча акча түштү. Тизме
Элеонора. "Элеонора" деген ысымдын мааниси ар башкача айтылып келет. Алардын ичинен окумуштуулар грек теориясына көбүрөөк таянышат. Анда айтылгандай, Элеонора "элеос" деген грек сөзүнөн келип чыккан. Аны кыргызчага которгондо "ырайымдуулук, боорукердик" деген маанилерди түшүндүрөт. Ошондо Элеонора деген боорукер, кайрымдуу деген маанини берип калат.

Садык Шер-Нияз, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты

Садык. Садык деген араб тилинен оошуп келген ат. Ал тилде анын лексикалык негизи "таза, ак көңүл, мээримдүү, кичи пейил" деген маанилерди туюндурат. Кыргыздардагы Тазабек, Актөш, Дардаңбай деген ысымдар менен синонимдеш. Бул ысым элибизде 17-кылымдан бери кеңири тарай баштаган.

Урустам Кабылбеков, "Мөңгү" экологиялык фондунун башчысы

Урустам. Урустам бул Рустам дегенди эле түшүндүрөт. "Рустам" деген сөздү байыркы иран жана перс тилинен сөзмө-сөз которгондо "карылуу" деген маанини түшүндүрөт. Бул ысым перстердин "Шахнаме" элдик эпосундагы легендарлуу каарманына таандык.

Илгиз Товкеев, жумушсуз

Илгиз. Түрк элдеринде кеңири жайылган бул ысым "ил" жана "гиз" деген сөздөрдөн турат. "Иль" деген "өлкө, мамлекет" дегенди түшүндүрсө, "гиз" деген сөз "баруу, жүрүү, басуу" деген маанини билдирет. Ал эми Ильгиз деген ысым "дервиш", "саякатчы" деген маанини туюндуруп калат.

Бактыбек Калмаматов, Жогорку Кеңештин экс-депутаты

Бактыбек. Бул ысым "бакыт" жана "бек" деген сөздөн турат. "Бакыт" деген "таалай, жыргал, телегейи тегиздик" деген сөздөр менен синонимдеш. Ата-эне баласынын бактылуу болушун каалап дал ушундай ысым ыйгарат. Ал эми "бек" деген сөз бекем, катуу деген мааниде айтылат. Баланын боосу бекем болушун тилек кылышат. "Бек" деген бийлик даражаларынын бири, эл бийлеген адамды да бек дешкен.

Жамбылбек Камчиев, куудул

Жамбылбек. "Жамбыл" деген сөз казак тилинен которгондо "сепил, чеп" деген маанини берет.

Мыктыбек Арстанбек, "Халал индустриясын өнүктүрүү" ЖЧКсынын башчысы

Мыктыбек. Бул ысым "мыкты" жана " бек" деген эки сөздөн турат. "Мыкты" деген "кыйын, жакшы, сонун" деген сөздөр менен маанилеш. Ал эми "бек" дегени бекем, катуу деген маанини түшүндүрүп, бийлик даражаларынын бирине кирет.

Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу

Токтайым. Аталган ысым "токто" жана "айым" деген эки сөздөн турат. Көпчүлүк учурда үй-бүлөдө кыз бала көп төрөлүп, эркек уул күтүп жатышса, кыздардын төрөлүүсүн токтотуу максатында Токтайым, Токтобүбү, Жаңыл деген сыяктуу ысымдарды ыйгарышкан.

Арсланбек Малиев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты

Арсланбек. Арсланбек "арстан" жана " бек" деген сөздөрдөн турат. Арстан бул сары жүндүү ири жырткыч жаныбар. Ал айбанаттардын эң күчтүү, кайраттуусу болуп эсептелет. Ошол себептен "арстандай шер, эрктүү, күчтүү" болсун деген ой менен бул ысым уул балдарга берилип жүрөт. Арстан деген ат түрк тилдүү элдерде кездешет.

Медер Болгонбаев, "Шоппинг онлайн борбор" ачык акционердик коомунун башкы директору

Медер. Бул иран, тажик тилдериндеги "мадор" сөзү менен тектеш келет. Анын лексикалык өзөгү "таяныч, бел, арка-жөлөк, үмүт" деген маанилерди туюндурат.

Бакыт Романов, жумушсуз

Бакыт. Бул сөз "таалай, жыргал, телегейи тегиздик" деген сөздөр менен синонимдеш. Ата-эне баласынын бактылуу болушун каалап дал ушундай ысым ыйгарат.

Имамидин Ташов, "KG-Групп" компаниясынын негиздөөчүсү жана жетекчиси

Имамидин. Имамидин деген эки сөздөн турат. "Имам" бул сөздүн эки мааниси бар. Биринчиси — дин башчысы, экинчи мааниси — "ыйман, уят, абийир" дегенди түшүндүрөт.

Ербол Токтогулов, жумушсуз

Ербол. Бул казакча ысым. "Ер" кыргыз тилинде деле "эр" болот. "Эр" деген сөз эркек киши деген маанини билдирет, ошондой эле жүрөктүү, жалтанбас, баатыр деген маанилерди түшүндүрөт. Эрбол деген ысымды жүрөктүү, жалтанбас жигит болсун деген максатта ыйгарышкан.

Турсунбай Бакир уулу, Жогорку Кеңештин экс-депутаты

Турсунбай. "Тур, турсун" деген сөз "бекем болсун, бутуна, тагына бек турсун" деген ниетте айтылган. Ал эми "бай" бул колунда бар адам. Адатта Турсунбай, Турсунбек же Тургун, Турду деген ысымдарды уул күтүп жүргөндөр же баласы токтобой жаткандар коет.

Курсан Асанов

Курсан. Бул ысым Кыргызстандын түштүк аймагында, анын ичинде Өзгөн районунда көп колдонулат. Өлкөнүн айрым жерлеринде "курсант болдум" деп айтылат. Бул "ыраазы болдум" дегенди түшүндүрөт.

Темирлан Ормуков, Сокурлар жана дүлөйлөр коомунун директору

Киши шайлоо учурунда добуш берип турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алдыдагы эки шайлоого 853 млн. сом керек. Акча кайдан табылары белгисиз
Темирлан. Темир деген бул бекем, оор металл, химиялык элемент. Адатта кыргыздар балдарына бул ысымды темирдей бекем, кайраттуу болсун деп ыйгарган. Ал эми "лан" деген сөз улан ("эркек бала, жаш жигит") дегенди билдирет. Темирлан деген ысымды Тамерлан аттуу Орто Азиядагы түрк-монгол элдеринин аскер башчысынын атынан да коюп жүрүшөт.

Каныбек Иманалиев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты

Каныбек. "Кан" деген сөздүн эки мааниси бар. Бири организмде тамырлар аркылуу айланып жүрүүчү кызыл түстүү суюктук болсо, экинчи жагынан кыргыздар ханды да "кан" деп коюшкан. Каныбек деген ысымдар Жаныбек деген ысым менен үндөш келип, "баланын жаны бек болуп, аман-эсен чоңойсун" деген маанини билдирет.

Акжолтой Тукунов, "Балыкчы ак жол ынтымагы" коомдук бирикмесинин директору

Акжолтой. Бул сөз ырыс-кешиктүү деген мааниде айтылат. Мисалы, жаңы келинди "акжолтой болсун" деп алкашат. Башкача айтканда, Акжолтой деген ысым үйгө ырыс-кешик, жакшылык алып келген бала болсун деген мааниде коюлат. Аталган ысым кыздарга да, уул балдарга да ыйгарыла берет.

Равшан Жээнбеков, Жогорку Кеңештин экс-депутаты

Равшан. Бул сөздү жерге-талдык кыргыздар диалект катары колдонуп келишет. Ал "жарык, кубаныч, жакшы" деген маанини туюндурат.

Айбек Эркетаев, жумушсуз

Айбек. Бул "ай" жана "бек" деген эки сөздөн турат. Кыргызча ысым. "Ай" бул күн нуруна чагылышып жаркырап көрүнүп туруучу асман телосу болсо, "бек" дегени бекем, катуу деген маанини түшүндүрөт. "Бек, бай" деген сөздөрдү кыргыздар уул балдарынын ысымдарына көп кошкон. Бул ысым 50-70-жылдары кеңири колдонулган.

Санжар Энназаров, "Дари Строй" ЖЧКсынын директору

Санжар. Түрк, казак тилдеринен киргени айтылат. Ал "курч, өткүр" деген маанини билдирет. Ошондой эле араб тилинен которгондо "император" дегенди да түшүндүрөт.

Жаныбек Сүйүналиев, жумушсуз

Жаныбек. Баланын жаны бек болуп, оорубай аман-эсен төрөлсүн деген мааниде балдарын Жаныбек аташкан.

Кубанычбек Исабеков, Жогорку Кеңештин экс-вице спикери

Кубанычбек. "Кубаныч" деген сөз "сүйүнүч, көңүлү көтөрүлүп шаттангандык" деген маанини билдирет. Ал эми "бек" деген бир жагынан "катуу, бекем" деп айтылса, бийликтин адамы экенин да түшүндүрөт.

Базарбай Темишев, пенсионер

Базарбай. "Базар" бул соода-сатык жүргүзүлүүчү жай. Илгери базар күндөрү жума күнүнө туш келгендиктен, Жумабай, Жумабек, Жумагүл сыяктуу Базарбай, Базаргүл деген аттарды аптанын ушул күнүнө ылайыктап ыйгарышкан. Жума, базар күнү төрөлүп калгандарга да ушундай ысым берилген. Базар күн кыргызда майрам, шаан-шөкөт сыяктуу сыпатталып, ал күнү туулган балдарды бактылуу деп эсептешкен.

Бактыбек Жумагулов, "Борбор Азиядагы тынчтык жана өнүгүү институту" коомдук фондунун башчысы

Добуш берип жаткан жаран. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бюджеттен президенттик шайлоого 137,3 млн. сом кетет. Чыгымдар тизмеси
Бактыбек. Бул ысым "бакыт" жана "бек" деген сөздөн турат. "Бакыт" бул "таалай, жыргал, телегейи тегиздик" деген сөздөр менен синонимдеш. Ата-эне баласынын бактылуу болушун каалап дал ушундай ысым ыйгарат. Ал эми "бек" деген сөз бекем, катуу деген мааниде айтылат. Боосу бекем болушун тилек кылышат. "Бек" элди бийлеген адам, төрө сыяктуу маанини билдирет жана бийлик даражаларынын бири.

Бакыт Керимбеков, Кыргызстандагы пауэрлифтинг федерациясынын башчысы

Бакыт. "Бакыт" деген таалай, бак, жыргал, телегейи тегиздик деген сөздөр менен синонимдеш.

Эльдар Абакиров, экономика министринин мурдагы орун басары

Эльдар. Бул ысым эки башка маданиятта жаралган, тагыраагы, Европа менен гректерде айтылган. Европада ал "eldr" (от), "arr" (жоокер) деп байыркы скандинавия тилинен келип чыккан. Аны кошкондо "от-жалындуу жоокер" деген маанини билдирет.

Эльдар деген ысым гректердин Илиодор (Хелиодорос) деген атынан да келип чыкканы айтылат. Ал "күндүн сыйлыгы" деп которулат.

Түрк элдери, анын ичинен башкыр, татар элдеринде да Ильдар деген ысым бар. Аны өлкө башчы, башкаруучу деп чечмелеп жүрүшөт.

Улукбек Кочкоров, мурдагы эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри

Улукбек. "Улук" деген сөз "жогорку даражалуу, башкаруучу, төрө" деген маанини билдирет. Ал эми "бек" дегени бекем, катуу деген маанини түшүндүрүп, элди бийлеген адам, төрө деген да маанилерге ээ.

Кубанычбек Токтосунов, жумушсуз

Кубанычбек. "Кубаныч" деген сөз сүйүнүч, көңүлү көтөрүлүп шаттангандык деген маанини билдирет.

Адилет Маматов, "Бишкек санитардык полигону" муниципалдык ишканасынын бөлүм башчысы

Адилет. Лексикалык өзөгү "чындык, калыстык" деген маанини туюндурат. Бул ысым аркылуу ата-эне баланы ак ниеттүүлүккө, калыстыкка тарбиялоо жагын көздөйт. Аны кыскартып кээ бири Адил, Адыл, Адылбек деп да коюп жүрүшөт.

Бабур Төлбаев, "Мөл Булак" кредиттик компаниясынын башкы директору

Рабочая поездка и.о. президента Садыра Жапарова в Ошскую область - Sputnik Кыргызстан
Жапаров референдумга Конституция эмес, башка маселени алып чыгууну сунуштады
Бабур. Бул сөздүн да бир нече мааниси болушу ыктымал дейт адистер. Иран тилинен кирген "баар" деген сөз бар. Балким, "бабур" деген сөздө ортодо "б" тыбышы түшүп калып "баар" деп айтылып калган чыгар. "Баар" деген сөз "жыргал, пайда" жана "жаз, көктөм" деген маанилерди билдирет.

Перс тилинен кирген "бабар, бабр" деген да сөздөр бар. Ал жолборс дегенди туюндурат.

Абдил Сегизбаев, УКМКнын мурдагы башчысы

Абдил. Бул ысым Абдилда, Абдылда деген ысымдардын кыскарган формасы болушу мүмкүн. Абдылда деген эки сөздөн турат. "Абд" деген сөз арабчадан которгондо "кул" деген маанини билдирсе, ал эми "илла" деген сөз "алла" дегендин кыскартылган формасы болушу ыктымал. Ошондо Абдылда "Кудайдын кулу" деген маанини билдирип калат.

Мирлан Калыбеков, жумушсуз

Мирлан. "Мир" деген сөз иран тилиндеги эмир, амир (падыша, өлкө башчысы, буйрук) деген сөздөрдүн башындагы үндүү (э, а) тыбыштарынын түшүп калуусунан пайда болгон.

Кийинчерээк Улуу Ата Мекендик согуштан кийин кыргыз элинде Мирлан, Мирбек, Миргүл, Мира деген ысымдар көп коюла баштаган. Себеби "мир" орус тилинен которгондо "тынчтык, бейпилдик" дегенди билдирет. "Өлкө тынчтыкта жашасын" деген изги ой менен ата-энеси балдарына ушул сыяктуу ысымдарды берип башташкан. Ал эми "лан" деген "улан" деген сөздүн кыскарган формасы. Улан "бала, жаш жигит" дегенди билдирет.

Самат Ибраев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты

Самат. Бул аттын түпкү теги араб тили менен байланыштуу. Кыргызчага которгондо "түбөлүктүү, миң жашар" деген маанини туюндурат. Бул ысымга өзбек, тажик, азербайжан тилдериндеги Самад, Самед деген антропонимдер жакын турат. Самат деген ысым түштүк кыргыздарга көбүрөөк, түндүк кыргыздарга азыраак тараган.

Садыр Жапаров, мурдагы премьер-министр

Садыр. "Садр" деген сөз араб тилинен алганда "дин башчысы, башкаруучусу, кызматкери" деген маанини туюндурат.

Жаңылыктар түрмөгү
0