Диего Марадонанын таблодогу сүрөтү. Архив

Өз тажиямда эмне дээр элем... Марадонанын эски видеосу желдей тарады

744
(жаңыланган 16:39 27.11.2020)
Диего Марадонанын каза болгону тууралуу кабар 25-ноябрда айтылган. XX кылымдын мыкты футболчуларынын бири жүрөк кемтигинен каза болду.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Соцтармакта Диего Марадонанын өзүнүн акыркы сапарга узоо зыйнатында эмне деп айткысы келмектиги боюнча суроого жооп берген видеосу вирустай тарап жатат.

"Чемпионаттын" маалыматына караганда, бул 2005-жылы аргентиналык теле берүүгө чыккан La noche del 10 берүүсүнүн үзүндүсү.

"Өзүмдүн акыркы сапарга узаган зыйнатымда эмне деп айткым келер эле... Футбол ойногонума рахмат. Бул спорт мага кубаныч жана эркиндик берди. Асманды колуңа кармап тургандай эле сезим. Топко дагы рахмат. Табытыма "топко рахмат" деп жазып койгула", — деген Марадона.

Видео Bolavip Facebook аккаунтуна жарыяланды.

Диего Марадонанын каза болгону тууралуу кабар 25-ноябрда тараган. XX кылымдын мыкты футболчуларынын бири жүрөк кемтигинен каза болгон.

744
Белгилер:
футболчу, топ, Диего Марадона
Тема боюнча
Футбол, бокс, кокаин. КР калысына рахмат айткан Марадона тууралуу фактылар
Медициналык кызматкер COVID-19га каршы эмдөө жүргүзүп жатат

АКШда COVID-19га каршы эмделген киши эки сааттан кийин көз жумду

9
Көз жумган киши Moderna же Pfizer вакцинасыбы, кайсынысы менен эмделгени азырынча белгисиз. Буга карата жергиликтүү, штаттык жана федералдык деңгээлде иликтөө жүргүзүлүп жатат.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. АКШда коронавируска каршы эмделген киши бир нече саат өткөндөн кийин көз жумганын РИА Новости жазды.

Калифорниядагы Плейзер округунун шерифинин кеңсеси өзүнүн Facebook баракчасына каза болгон адам өткөн айда COVID-19 илдети менен ооругандыгын билдирген. 

"Плейсер округунун Саламаттык сактоо кызматы жана шерифтин кеңсесинин коронавирус боюнча бөлүмү адам көз жумгандыгы жөнүндө маалымат алышты. Ал кишиге декабрь айынын аягында COVID илдети жуккандыгы аныкталган. 21-январда эмделип, бир канча саат өткөндөн кийин каза болгон", — деп айтылат билдүүдө.

Маркум округдун Саламаттык сактоо департаментинен башка жактан эмделгени айтылат. Буга карата жергиликтүү, штаттык жана федералдык деңгээлде иликтөө жүргүзүлүп жатат. Көз жумган киши Moderna же Pfizer вакцинасыбы, кайсынысы менен эмделгени азырынча белгисиз.

9
Белгилер:
эмдөө, вакцина, АКШ, өлүм, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө үч этап менен жүрөт
Коронавирустун жаңы түрүндө өлүм көп катталары айтылды. ДССУ эмне дейт
Ырчы Анжелика. Архив

Жол кырсыгына кабылган Анжелика Кайратовага шашылыш операция жасалды

89
(жаңыланган 15:04 24.01.2021)
Ырчы өзүнүн кыздары менен чогуу келе жатып, Ысык-Көл облусунда жол кырсыгына кабылган. Окуя болгон жерде анын 5 жаштагы кызы жабыркап, ооруканага түшкөнү айтылган.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Жол кырсыгына кабылган ырчы Анжелика Кайратовага Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда операция жасалды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

“Бүгүн эртең менен академик Сабыр Жумабеков ырчыга шашылыш түрдө операция жасады. Анын жабыркаган омурткалары калыбына  келтирилди. Азыр бейтаптын абалы туруктуу. Наркоздон акырындык менен ойгонуп, эсине келип жатат”, — дешти маалымат кызматтан.

Эске салсак, ырчы 23-январдын таңында кыздары менен чогуу келе жатып, Ысык-Көл облусунда жол кырсыгына кабылган. Окуя болгон жерде анын 5 жаштагы кызы жабыркаганы айтылган.

89
Белгилер:
жол кырсык, ден соолук, операция, Анжелика Кайратова, Бишкек
Тема боюнча
Эки тараптуу пневмония. Балдар хирургу Талант Өмүрбеков ооруканага түштү